Ведута, Павел Филиппович

Википедия дан

Ведута, Павел Филиппович (1906 - 1987) — эки жолу Сов. Эмг. Баатыры (1949, 1958). Украинанын Одес­са областынын Берёзов районундагы 22-партсъезд атындагы айылдын председатели (1954). 1952-жылдан КПСС мүчөсү.

Ведута жетекчилик кылган колхоз — областтагы алдыңкы чарбалардын бири: буудайдын орт. түшүмү гектарынан 30 ц, кант кызылчасыныкы 400 ц ден айланган.

Украинанын Жог. Советинин (6-7- шайл.) депутаты. Эки Ленин ордени, башка 2 орден жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.