Везле

Википедия дан
Везле.

ВезлеФранциядагы шаар. Бургундияда, Йонна депертаментинде. Калкы 0,5 миңдей (2006). 858—859-жылдарда негизделген. 9—11-кылымда Ыйык Магдалинага зыярат кылуучу жайга айланган. Орто кылымдагы дубал (12-кылым) менен дарбазалардын (Порт-Нёв, 14—16-кылым) калдыктары сакталган. Шаардын Борбордук бөлүгүндө Ыйык Магдалина аялдар монастыры роман чиркөөсү менен бар. Чиркөө ансамбли менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Везлеге жакын чиркөөлөр, археол. музей, сепил жайгашкан. Шаар айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]