Везувиан

Википедия дан

Везувиан (Везувий жанар тоосунан табылгандыгына байланыштуу аталган), идокраз — силикаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Ca10Mg2Al4 [SiO4]5[Si2O7]2(OH)4. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Өңү саргыч жашылдан чанда кочкул жашылга чейин, кара күрөң, кара кызгылт көк, көк, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5. С. салмагы 3,35—3,45. Везувиан магма тоотектери менен акиташтегинин жана доломиттин контактасында метасоматоз процесстеринен пайда болот. Тунук везувиан баалуу кооз таш катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]