Вейерштрасс Карль Теодор Вильгельм

Википедия дан

Вейерштрасс Карль Теодор Вильгельм (31.10. 1815, Остенфельде — 19.2.1897, Берлин) немис математиги, Петербург ИАнын чет элдик корреспондент мүчөсү (1864) ардактуу мүчөсү (1895). Бонндо укук илимин, Мюнстерде математиканы окуган. 1856-жылдан Берлин Университетинде иштеген (1864-жылдан профессор). Вейерштрасстын изилдөөлөрү математикалык анализ, функциялар теориясы, вариациялык эсептөө, дифференциалдык геометрия жана сызыктуу алгебрага арналган. Вейерштрасс математикалык анализди негиздеген логикалык системаны иштеп чыккан, кесиндиде үзгүлтүксүз функциялардын негизги касиеттерин так далилдеген, функционалдык катардын бир калыпта жыйналуучулук түшүнүгүн киргизген (В. белгиси). Бир да чекитте туундуга ээ болбогон үзгүлтүксүз функциянын мисалын түзгөн, кесиндиде үзгүлтүксүз каалагандай функцияны эң так көп мүчө менен жакындаштырууга боло тургандыгын далилдеген (Вейерштрасс теоремасы). Негизи даражалуу катар болгон анализдик функциялар теориясы Вейерштрасстын эмгегинин негизин түзөт. Ал көп өзгөрмөлүү анализдик функциялар теориясын, эллипстик, алгоритмдик функцияларды, абелик интегралдар теориясын, экстремумдун жетиштүү шартын (Вейерштрасс шарты), параметрлүү вариациялык маселелерди, дифференциалдык геометрия боюнча геодезиялык сызыктарды, минималдык беттерди, сызыктуу алгебра боюнча жөнөкөй бөлүүчүлөрдү түзүү теориясын изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]