Вейцман Хаим

Википедия дан

Вейцман Хаим (27.11.1874, Россия, Гродно губерниясы 9.11.1952, Израиль, Реховот) - Израилдин мамлекеттик жана саясий ишмери. Германия, Швейцария жана Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева Университетинде окутуучу, 1904-19-жылы Манчестер Университетинин окутуучусу, профессору. 1916-19-жылы Британ адмиралтействосунда химия лабораториясынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. Сионизм). 1920-31, 1935-46-жылы Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929-31 жана 1935-46-жылы Палестина боюнча Европ. агентчиликти жетектеген. 1937-жылы Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947-48-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү боюнча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамлекеттик кеңешинин президенти. 1949-жылы февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]