Векслер Владимир Иосифович

Википедия дан

Векслер Владимир Иосифович [19.2(4.3).1907, Житомир 22.9.1966, Москва] - орус физиги, СССР ИАнын академиги (1958; корреспондент мүчө, 1946). Москва энергетика институтун (1931) бүткөн. 1936жылдан СССР ИАнын П. Н. Лебедев атындагы Физика институтунда жана 1949-жылдан Дубнадагы Ядролук изилдөөлөрдүн кошмо институтунда да иштеген. 1963-жылдан СССР ИАнын Ядролук физика бөлүмүнүн академик-секретары. Векслер рентген нурларынын физикасы, космостук радиация жана ылдамдаткычтар боюнча ири адис. Анын жетекчилиги менен Дубнада протондук синхротрон (1947) жана синхрофазотрон (1957) ишке киргизилген. Заряддуу бөлүкчөлөрдү ылдамдатуунун физикасы жана техникасы боюнча илимий мектепти негиздеген. Векслер Ленин (1959) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын(1951) лауреаты. 1963-жылы эл аралык «Атом тынчтыкка» сыйлыгынынтатыктуу болгон. Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]