Вектор

Википедия дан

Вектор (латынча vector алып жүрүүчү, бир жерден экинчи жерге которуучу) - багытталган кесинди; анын башталыш жана акыркы чекити көрсөтүлөт. Аны англисче математик У. Гамильтон (1845) киргизген. Ал сан маани менен эле эмес, багыт менен да мүнөздөлөт, Мисалы, ылдамдык, ылдамдануу, күч жана башка. Вектор жоон латын тамгалары a, b, ... менен, же кадимки алфавит тамгаларынын үстүнө сызыкча же жебе коюлуп: a, b, башталышы А, аягы В чекиттери болгон вектор АВ деп белгиленет. a векторунун узундугуна барабар оң сан анын модулу делет жана |a| аркылуу белгиленет. Эгер экөөнүн багыттары бирдей, модулдары барабар болсо, анда ал векторлор барабар же эркин (материалдык чекиттин кыймылынын ылдамдыгы) деп аталат. Бир түз сызыкта жаткан барабар эки вектор жылышма вектор (абсолюттук катуу нерсеге таасир эткен күч) деп аталат. Эгер вектордун башталышы менен аягы дал келишсе, ал нөл вектору деп аталып, 0 менен белгиленип, нөл векторго каалаган багыт туура келет жана модулу 0гө барабар болот. Бардык нөл векторлор барабар. ВА жана АВ карама-каршы векторлор, мында АВ = a болсо, ВА =— a га барабар. Узундугу 1ге барабар болсо, бирдик вектору же орт деп аталат. Эки вектор бир түз сызыкта же параллель түз сызыктарда жатышса, коллинеардуу, эгер бир тегиздикте же жарыш тегиздиктерде жатышса, компланардуу деп аталат. Вектор түшүнүгү чоңдукту жана багытты мүнөздөөчү объектилердин математикалык абстракциясы катары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]