Мазмунга өтүү

Вельяминов-Зернов Владимир Владимирович

Википедия дан

Вельяминов-Зернов Владимир Владимирович – (31.10(12.11).1830, Санкт-Петербург 1. 1904, Киев) орус окумуштуусу, чыгыштаануучу, этнограф, археолог, лингвист. Россия ИАнын академиги (1861). Санкт-Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1890). 1857-жылдан Орус археологиялык коомунун анык мүчөсү, 1858-67-ж. чейин Орус археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүнүн секретары. 1858-жылдагы Россия ИАнын Азия элдеринин адабияты жана тарыхы боюнча экстраординардык академиги. 1886-ж. Санкт-Петербург университетинин совети ага түрк-татар тилдери боюнча илимдин доктору даражасын ыйгарат. Анын эмгектеринин ичинде «Касым хандары жана ханзаадалары жөнүндө изилдөө», «Чагатай-түрк сөздүгү», «Крым хандыгынын тарыхы үчүн ИИМдин Москвалык башкы архивинен алынган материалдар» ж. б. фундаменталдуу эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]