Венгрия ата-мекендик фронтунун тарыхы

Википедия дан

Венгрия ата-мекендик фронтунун тарыхы - коммунисттердин демилгеси менен 1944-ж. майда түзүлгөн Венгрия фронтунан (ВФ) башталат.

ВФге адегенде с.-д. партия (СДП), майда айыл чарба ээлеринин партиясы (МАЧЭП), легитимисттер, кийин Улуттук-дыйкандар партиясы (УДП) кирет. Сов. Армия бошоткон Венгрия нын Сегеда шаарында ВФтеги коммунисттердин демилгеси боюнча 1944-ж. 2-декабрда Венгриянын көз карандысыз улуттук фронту (ВККУФ) түзүлүп, ага ВКП, СДП, УДП, МАЧЭП, бурж,- демокр. партиялар, профсоюздар кошулат да, ал Убактылуу өкмөттүн милдетин аткарат (1944-ж. 22-дек.). 1949-ж. ВККУФ Көз карандысыздыктын элдик фронту (ККЭФ) деп аталып, өлкөдө социализм курула баштаганын жарыялайт.

ККЭФке бир ка­тар саясий партиялар, профсоюздар, эмгекчилер союздары кирет. ККЭФ 1954-ж. Ата Мекендик Фронт (АФ) деп аталат, 1956-ж. элдик бийликти кулатмакчы болгон контррев-ячылар аны өз максаты үчүн пайдаланууга аракеттенет. АФ 1957-ж. кайрадан түзүлөт. Ал азыр ВСЖПнин жетекчили­ги менен иштеп, өлкөдөгү бардык күчтөрдү социализм курулушуна тартуу, улуттардын соц. биримдигин чыңдоо боюнча иш алып барат. ВАМФтын жогорку органы—конгрессте шайлануучу Бүткүл венгриялык совет жанa анын пре­зидиуму.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.