Венера

Википедия дан
Венера-4 (1967).

ВенераЧолпон (Венера) планетасын жана космос мейкиндигин изилдөөгө арналган планета аралык автоматтык станциялардын (ПААС) жалпы аты; алардын иштеп чыгуу жана учуруу программасы.

«Венера-1» ПААС 1961-ж. 12-февралда учурулган. Массасы 643,5 кг. 1961-жылдын 19-20-майында Чолпондон 100 миң км аралыкта учуп өтүп, Күндүн жандоочусунун орбитасына өткөн. «Венера-2» 1965-ж. 12-ноябрда, ал эми «Венера-3» 1965-ж. 16-ноябрда учурулуп, 1-мартта СССРдин Мамлекеттик Гербинин сүрөтү бар вымпелди Чолпонго жеткирген.

Кийинки учурулган «Венера-4», «Венера-5», «Венера-6» ПААСтары Чолпондун атмосферасынын параметрлерин ченеп, Жерге маанилүү маалыматтарды берген. «Венера-7» 1970-ж. 15-декабрда, ал эми «Венера-8» 1972-ж. 22-июлда Чолпонго акырын конууну ишке ашырышкан. 1975-жылдын 8 жана 14-июнунда учурулган «Венера-9» жана «Венера-10» ПААСтары ошол жылдын 22-октябрында Чолпон планетасына жетишкен. Бул эки ПААСтын түшүрүлүүчү аппараттары Чолпон планетасына жетерден эки сутка мурда станциялардан бөлүнүп, бири-биринен 2200 км аралыкка кондурулган. «Венера-9» жана «Венера-10» автоматтык станциялары тарыхта биринчи болуп Чолпон планетасынын жасалма жандоочулары болуп калышты.

1961-83-ж. «Вентранын» 16 ПААСЫ учурулган. Аппараттарга орнотулган илимий приборлордун жардамы менен Чолпон планетасынын атмосферасынын физикалык-химиялык параметрлери, оптикалык мүнөздөмөлөрү өлчөндү жана булут катмарларынын структурасы, планета бетинин жарыктанышы, ал аппараттар конгон жердин топурагынын физикалык касиеттери изилденди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]