Венециановчулар, Венецианов мектеби

Википедия дан

Венециановчулар, Венецианов мектеби – А. Г. Венециановдун (1780–1847) окуучулары жана жолун жолдоочулары. Анын ишмердиги 1820–1840-жылдарга туш келет. Орус живописинде В-дын чыгармачылыгы маңызын айыл жаратылышы менен орус турмушун сүйкүмдүү, терең, поэтикалуу чагылдырган түзгөн толук бир багытты жараткан. В-дын сүйүктүү жанры – бул портрет (көбүнчө интерьердеги), пейзаж, интерьердин өзү жана турмуштук көрүнүштөр живописте реализмди бекемдеген. В-дин көркөм ориентациясы устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат жана көп өлчөмдө анын пед. ыкмасы менен шартталган: окуучу эң алгачкы этаптардан баштап эле натура менен иштеген, ал эми натура болуп күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир жердин орду жана башка кызмат кылган. Бул болсо В-ды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. Анткени менен А. Г. Венециановдун ыкмасы Петербург сүрөт Академиясы кабыл алган кесиптик даярдыкты эч себепсиз танууну түшүндүргөн эмес. Анын өнөрканаларында да мисалы, «Түп нускалардан» көчүрүшкөн жана гипстен тартышкан. А. Г. Венециановдун сунушу менен анын көп окуучулары академиялык класстарда билим алышкан. В-дын таланттуу өкүлдөрүнө А. А. Алексеев (1814–1878), Н. С. Крылов (1802–1831), Е. Ф. Крендовский (1810–1870), К. А. Зеленцов (1790–1845), Л. К. Плахов (1810–1881), Г. В. Сорока (1823–1864) жана өзүнүн алгачкы эмгектеринде А. В. Тыранов (1808–1859), А. Н. Мокрицкий (1810–1870), С. К. Зарянко (1818–1870) кирет жана алар кийин сүрөт Академиясынан билим алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]