Венеция айнеги

Википедия дан

Венеция айнеги – XIII кылымдын аягында өрт коркунучунан жана өндүрүп чыгаруу сырын сактоо үчүн шаардан Венециядагы Мурано аралына көчүрүлгөн көркөм, үйлөп жасалган буюмдар өндүрүшү. В. А-нин гүлдөп өнүгүшү Кайра жаралуу дооруна таандык. XV–XVI кылымда Мурано аралы Европада айнек өндүрүшүнүн борборуна айланат. В. а-нин курамы капталы жука буюмдарды үйлөп жасоого жана жасалгалоого шарт түзгөн. Алтын жалатылган жана эмаль менен сырдалган айнек идиштер, кубоктордун чебер устасы Анджело Баровьеринин (XV к.) портреттер, атчандар, балыктын кабырчыгы түшүрүлгөн орнаменттүү кубоктору жана ошондой эле шуру, күзгү­лөрдүн даңкы көп жерге тараган. Бийик көркөм жетишкендиктери менен тор сымал орнаменти жана эшилме саймалуу («венеция жиби») филигрань техникасындагы кубоктор ажыдаар сымал жасалган фигуралуу буттары бар кубоктор айырмаланышкан. В. а. Францияда, Бельгияда, Германияда айнек өндүрү­шүнүн өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. «Венеция манерасындагы» айнектер Россиянын биринчи айнек заводдорунда да чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]