Венеция мектеби

Википедия дан

Венеция мектеби - Италиянын Венеция шаарында негизделген сүрөт мектептеринин бири. Венеция мектебине граждандык оптимисттик башталма, дүйнө, адам жана жаратылышты поэтикалуу кабылдоо, түстөрдү кылдат айкалыштыруу мүнөздүү. Венеция живописи (14-к.) боёктордун шаңдуулугу, кооз оймо-чиймелери, готикалык жана византиялык салттары менен өзгөчөлөнгөн. Кайра жаралуу доорунда бир туугандар Виваринилер, Якопо жана Жентиле Беллинилер, Витторе Карпаччо, Карло Кривелли ж. б. аксөөк сүрөтчүлөр пайда болгон. Алар диндик каада-салттарды сюжет катары чечмелеп, Венециянын күнүмдүк турмушун сүрөткө түшүргөн. 16-кылымдын 1-жарымында Жоржоне жана Тициандын чыгармачылыгы Венеция мектебинде живописти калыптандырган. Жоржоненин лирикалык жанры пейзаждык станоктук композициялары гармониялык образдар, жумшак түстөгү гамма композициялык ритмдеги музыкалуулукту, поэтикалык ойду бийик көрсөткөн. Тициандын чыгармачылыгы Венеция мектебине таандык көркөм сезимталдыкты тартуулайт. Венеция мектебинде Тициандын портреттери өзгөчө орунду ээлеген. 16-кылымдын 2-жарымындагы чеберлердин чыгармаларында түстүү боёкторду виртуоздуу пайдаланып, жаратылыштын сулуулугун, адамдардын акылойлорундагы умтулууларды чагылдырышкан. 16-кылымдагы Венеция искусствосундагы жаңычыл принциптер Европа искусствосуна таасирин тийгизип, жаңы жанрлар тарыхый жанр, баталдык жанр, топтук портреттер жаралган. 18-кылымда Венеция мектебинде гүлдөө мезгили башталган. Монументжасалга живописи менен жеңил колорит айкалышкан чыгармалар жаралган (Ж. Б. Тьеполо, Ж. А. Каналетто, Б. Белотто). Венециянын архитектуралык ансамблдери менен эстеликтери чагылдырылган пейзаж-панорамалар пайда болгон. Венециялык живописчилер ачык асман астында, жарык менен абанын таасиринде табигый шарттарды пленэрдик натыйжаларда окуп үйрөнүшкөн жана изденишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]