Вергилий

Википедия дан

Публий Вергилий Марон - (б. з. ч. 15.10.70, Мантунга жакын б. з. ч. 21.9.19, Брундизий, азыркы Бриндизи) Рим акыны. Анын чыгармачылыгына Лукрецийдин философиясы, Катуллдун лирикасы чоң таасир тийгизген. Вергалий он бөлүмдөн турган алгачкы «Буколикалар» («Койчу ырлары», б. з. ч. 42-38) жыйнагында саясий толкундардан четтеп, малчылардын турмушун сүрөттөөгө аракеттенген. Ырдын 4-бөлүмүндө Рим империясын даңазаласа да, анын жеке менчикке негизделген карама-каршылыгын көрсөтүп, ага «алтын заман» (кылым) жөнүндөгү утопиялык оюн каршы койгон. Вергалий «Георгика» («Дыйканчылык тууралуу поэма», б. з. ч. 36-29) дидактикалык поэмасында бейпил турмушту кыштак адамдарынын жашоосунан көргөн. «Энеида» баатырдык эпосу (антикалык эпостун римдик параллели) рим классикалык поэзиясынын туу чокусу. «Илиада» менен «Одиссеяны» үлгү тутуп, бул поэмасында император Августтун түп атасы Энейдин жоруктары менен күрөштөрү тууралуу баяндаган. Байыркы Италиянын картинасын идеалдаштырып, аны Римдин орчундуу проблемалары менен тыгыз байланыштырат. Анда эпикурдук жана идиллиялык мотивдер саясий проблемаларга болгон кызыгуу менен айкалышып, Рим империясы даңазаланган. Вергалийдин чыгармалары классицизм доорундагы риторикалык, эпикалык поэзиянын үлгүсү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]