Верстка (полиграфияда)

Википедия дан

Верстка (полиграфияда) — 1) ар кандай көлөмдөгү текст, таблица, сүрөт материалдарынан белгилүү өлчөмгө же атайын жасалган макетке тууралап китеп, журнал жана гезит беттерин курап даярдоочу полиграфиялык процесс. Мында китептин бөлүмү, темасы, сүрөтү белгилүү тартипте жайгаштырылып, бети жана бир беттеги саптардын саны аныкталат. Верстканын жөнөкөй түрү бирдей ариптен терилген сүрөтсүз туташ текст, татаалы ар кандай ариптен турган сүрөттүү текст. Верстканын негизги милдети тексттин логикалык түзүлүшүн табуу, окууга ыңгайлуулугун, барактарды жана басып чыгарууда керектүү болгон жайгашууларды камсыз кылуу; 2) терилип, версткалангандан кийин катасын оңдоо үчүн окула турган текст барагы (корректура).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]