Вертов Дзига

Википедия дан

Вертов Дзига, Денис Аркадьевич - (чын аты жөнү Давид Абелевич Кауфман, 21. 12. 1895 (2.1.1896), Белосток 12. 2. 1954, Москва) кинорежиссёр, даректүү киного негиз салгандардан. Граждандык согуштун материалдары боюнча «Революциянын жылдыгы» (1919), «ВЦИК үгүт поезди» (1921), «Граждандык согуштун тарыхы» (1922) фильмдерин жараткан. Вертов негиздеген «Киноправда» тематикалык даректүү киножурнал 1922-25-ж. чыгып турган. Вертовдун негизги даректүү фильмдери: «Кадам шилте, Совет!» (1926), «Дүйнөнүн алтынчы бөлүгү» (1926), «Энтузиазм» (1930), «Ленин тууралуу үч ыр» (1934) ж. б. Ал даректүү кинонун теориялык маселелерин да иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]