Тик учак

Википедия дан
Вертолёт‎»‎ барагынан багытталды)

Тик учак — горизонталдык тегиздикте айлануучу бир же бир нече винттин жардамы менен тик көтөрүлүп, кайра коно турган учуучу аппарат. Тик учак күүлөнбөстөн эле тик өйдө көтөрүлөт жана конот, абада калкып тура алат, ар тарапты көздөй ар кандай ылдамдыкта учат. Тик учактын винттери кыймылдаткычтан айланат. Тик учакка негизинен поршендүү жана аба-реактивдүү кыймылдаткыч орнотулат, ал эми кубаттуулугун жогорулатуу үчүн ракета кыймылдаткычы да пайдаланылат. Айрым тик учактарда учактын бир валдуу турбовинттүү кыймылдаткычы колдонулуп келген, бирок кийинчерээк эки валдуу турбовинттүү кыймылдатычтар (өзгөчө көп кыймылдаткычтуу вертолётто) пайдаланылып жатат. Учуп жүргөндө кокустан кыймылдаткыч иштебей калса, алып жүрүүчү винттер өзүнөн-өзү айлангандыктан, тик учакты улам ылдыйлатып барып кондурууга болот. Алып жүрүүчү винттин реактивдик моментин тең салмакта сактоонун ыкмасына карата тик учак бир, эки жана көп винттүү болуп айырмаланат. Ар кандай тик учак учактугундай эле планёрдон (фюзеляж, шасси, башкаруу органы, электр, радио жана навигациялык жабдуулар), алып жүрүүчү винттерден, күч берүүчү (кыймылдаткыч) орнотмодон жана трансмиссиядан турат. 15-кылымда Леонардо да Винчи тик учак сымал аппараттын сүрөттөлүшүн жазып чыккан. 1907-ж. Пол Корню (Франция) биринчи жолу алгачкы тик учакта 30 см бийиктикте эркин учуп, абада 20 сек кармалган, бирок бул аппарат практикада колдонууга даяр эмес болгон. Биринчи жолу асманга эки роторлуу «Фокке-Вульф FW61» тик учагы көтөрүлгөн. Колдонууга жарактуу алгачкы Сикорск системасындагы VS-300 бир мроторлуу В. 1940-ж. жасалган. СССРде сериялуу чыгарылган алгачкы (1948) тик учак МИ-1 (конструктору М. Л. Миль) болгон. Тик учактын ылдамдыгы 350-370 км/саат, жүк көтөрүмдүүлүгү 40 ога, ал эми учуу аралыгы 2000 кмге чейин жетет. Тик учактар жүргүнчү (МИ-8) жана жүк (Ми-4, Ми-6) ташууда; атайын жумушта айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүүдө, өрт өчүрүүдө ж. б. (Ка-15, Ка-26, Ми-1, Ми-2); геологиялык чалгындоо иштеринде (Ка26); гравиметриялык сүрөткө тартууда (Ка-18); жогорку чыңалуудагы газ жана нефть өткөргүчтөрүн текшерүүдө (Ка-18, К-26); ири өлчөмдүү жабдууларды жана орнотмолорду орнотуу ишинде (Ми-10); санит. жана куткаруу жумуштарында (Ка-18), ошондой эле аскердик тапшырмаларды аткаруу үчүн куралдуу күчтөрдө колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]