Вертунов, Леонид Никифорович
Көрүнүш
Вертунов, Леонид Никифорович (1922, Киров облусу, Верхний кыштагы –2003, Бишкек ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1969), профессор (1970). Орто Азия мамлекеттик ун-тин (САГУ) бүткөн (1949). Кыргыз Мамлекеттик ун-тинин география факультетинде ассистент, доцент, кафедранын жетекчиси, Фрунзе политехника ин-тунда кафедра башчысы, илимий иштер б-ча проректор 1993-жылдан Кыргыз тоо-кен-металлургия ин-тунда лаборатория башчысы болуп иштеген. Атамекендик согуштун катышуучусу. В. илимий иштеринин негизги багыты нефть литологиясы. В. Республикада геолог адистерди даярдоодо чоң салым кошкон. Атамекендик согуш ордени, медалдар менен сыйланган.