Вестибюль аппараты

Википедия дан

Вестибюль аппараты - (лат. vestibulum киребериш) адам жана омурткалуу жаныбарлардын денеси менен башынын абалынын мейкиндикте өзгөрүүсүн, ошондой эле кыймылдын багытын (тездөө, дирилдөө) кабыл алуучу сезүү органы; ички кулактын бир бөлүгү. Ал вестибюль анализаторунун татаал рецептору. Вестибюль аппараты ички кулактын кирпикче клеткалары менен эндолпмфалардын жыйындысынан турат. Вестибюль аппаратынын козголуусун угуу нервинин вестибюль бутагы мээге өткөрөт. Анын функциясынын борборлору каракуш мээ, көздү кыймылдаткыч нервинин ядролору, вегетатив нерв системасынын борборлору менен байланышкан. Вестибюль аппаратынын жогорку кыртыш борбору мээнин чоң жарым шарынын чыкый бөлүгүндө жайгашкан. Анын рецепторлорунун дүүлүгүүсүнөн дененин абалы өзгөргөндө тең салмактуулукту сактоочу айрым рефлекстер (моюн, дене, кол, бут булчуңдарынын тонусу өзгөрөт) пайда болот. Адамда вестибюль аппараты катуу дүүлүккөндө баш айланат, жүрөк иши, демалуу ыргагы бузулат, жүрөгү айланып, кусат. Эгер ал дүүлүктүрүү бат-бат кайталаганса, ага болгон реакцпя азая баштайт. Моряктар, учкучтар жана космонавттарды вестибюлдук машыктыруу ушуга негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]