Ветеран

Википедия дан

Ветеран (лат. veteranus vetus —эски, сыналган, тажрыйбалуу) —

  • 1. Байыркы Римде армияда белгиленген мөөнөттү өтөгөн солдат. Ветеранга жер бөлүнүп жана акчалай сыйлык берилүүчү.
  • 2. Эски жоокер, өткөндөгү согушка катышкан адам (Мис., Гражд. согуштун Ветераны).
  • 3. Өтмө мааниде — кандайдыр бир тармакта узак кызмат кылган адам (өндүрүштүн Ветеран илимдин Ветераны ж. б.).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.