Ветеринария-санитариялык эксперттөө (ВСЭ)

Википедия дан

Ветеринария-санитариялык эксперттөө (ВСЭ) - 1) тамак-аш продуктуларынын сапатын жана зыянсыздыгын аныктоо боюнча жүргүзүлүүчү изилдөөлөр жана чаралар комплекси. Аны эт-сүт, балык, айыл чарба мекемелеринде, базарларда, кушканаларда ветеринардык кызмат ишке ашырат. Малды соёрдо жана сойгондон кийин ылаңга диагноз коюу, эт, сүт, балык, жумуртка жана алардан жасалган продукцияларды гистология, микробиология, физикалык, химиялык ж. б. ыкмаларды колдонуу менен лабораториялык анализ жүргүзүлөт. ВСЭнин негизги маңызы зооантропоноздук жана антропозооноздук жугуштуу жана мите ылаңдарынын тамак-аш, жем-чөп жана техникалык продукциялар аркылуу адамга жана жаныбарга таралуусунун алдын алуу. 2) Ветеринарияны тамак-аш продуктуларын, өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган сырьёлорду изилдөө ыкмаларын жана ветеринардык - санитардык баалоо принциптерин изилдөөчү бөлүмү. ВСЭ өзалдынча илим тармагы катары 20-кылымда калыптанган, бирок жаныбарлардан алынган кээ бир продуктулардын тамак-аш катары жарактуулугун жана жараксыздыгын аныктоо 17-кылымдан баштап эле белгилүү болгон. ВСЭ мите ылаңдарда, лейкоздо, чочконун ж. б. жаныбардын сибирь кулгунасында; токсикоинфекцияда жана токсикоздо эттин, балыктын жаңылыгын жана ылаңдаган малдын этин тамак-ашка жарамдуу же жарамсыздыгын аныктоодогу хим. ыкмаларды; гистол. ыкма менен эттин канча деңгээлде жаңылыгын жана жетилгенин, радиоактивдүү заттар жана иондук нурлар менен продукциялардын бузулганын аныктоо; жаныбарлардан алынган кургак тоют продукцияларына вет.-санит. баа берүү иш-чараларын жана ыкмаларын иштеп чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]