Ветеринария кызматы

Википедия дан

Ветеринария кызматы - ветеринария тармагына тиешелүү болгон практикалык иш уюштуруу жана жүргүзүү үчүн түзүлгөн вет. чаралар. Ветеринария кызматынын негизги милдеттери: өлкөдөгү жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана таркалышына бөгөт коюу, малдын ылаңдарын алдыналуу, дарылоо жана элди санит., экологиялык жактан, жугуштуу агенттерден таза мал чарба жана өсүмдүк азык-түлүктөрү менен камсыз кылуу. Кыргызстанда алгачкы ветеринария кызматы 1924-ж. түзүлгөн жана анын жетекчиси ветврач-революционер С. М. Воскресенский болгон. Андан соң ветеринария кызматынын тармагы кенейтиле баштаган жана жаңы ветеринардык дарылоо, алдын алуу пункттары ар бир аймакта ачылган. Ветеринардык кызмат көрсөтүү илимий негизде жүргүзүлө баштаган. 1940-жылдары Кыргызстанда атайын илимий мекеме Кыргыз илимий-изилдөө ветеринардык тажрыйба станциясы уюшгурулган. Ветеринария кызматынын түзүлүшү, анын милдеттери жана иш жүргүзүү принциптери атайын кабыл алынган «Ветеринария жөнүндөгү закондо» каралган. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында ветеринария кызматы мамлекеттик, ведомстволук, жекече болуп бөлүнөт. Ал Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринардык департаментке баш иет. Ветеринария кызматын тармагын облусу, шаардык, райондук, айылдык ветеринардык бөлүмдөр (мекемелер), ветеринардык лабораториялар, ветеринардык-санитардык жана ветеринардык чек аралык карантиндик пунктар түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]