Веттерн көлү
Көрүнүш
Веттерн көлү - (шведче vatten — cyy) Швециянын түштүгүндөгү көл. Аянты 1900 км2, узундугу 129 км, тереңдиги 119 мге чейин. Мөңгүнүн жана тектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон ойдуңда жайгашкан. Жээктери бийик жана аскалуу. Балтика деңизи менен туташат. Кеме жүрөт (Стокгольм-Гётеборг ички суу жолунун бир бөлүгү). Боюнда Йёнчёпинг, Мутала, Хускварна, Карльсборг шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4