Вече

Википедия дан

Вече - (эски славянча «вещать» сүйлөө дегенден) байыркы жана орто кылымдагы Руста жалпы маселелер талкуулана турган элдик чогулуш. Славяндардын уруу жыйындарынан келип чыккан. Байыркы орус мамлекети (к. Киев Русу) пайда болгон соң, феодал аксөөктөр вечени князь бийлигин чектөө максатында пайдаланышкан. Анда согуш жана тынчтык, посадниктерди шайлоо же алып таштоо ж. б. маселелер каралган. Вечени чакыруунун белгилүү мөөнөтү болгон эмес. Коңгуроо кагылганда, калк белгилүү аянтка жыйналган. Вече чыныгы элдик бийлик болгон эмес, иш жүзүндө бийлик феодалдарга жана шаардык аксөөктөргө таандык болгон, бирок ал көпчүлүк элге саясий турмушка белгилүү даражада таасир этүү мүмкүндүгүн түзгөн. Улуу княздар бийлигинин чыңдалышы менен, 14-кылымдын аягынан вече жоюла баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]