Виандот

Википедия дан

Виандот - тooк породасы. 19-кылымдын аягында АКШда чыгарылган.

Тирүүлөй салмагы: корозу 3,8 кг, мекияны 3 кг. Мекияны жылына 150— 180 жумуртка тууйт. Өңү ар түрдүү, көбүнчө ак. Ал СССРге алып келинген, бирок өнөр жайлык мааниге ээ боло алган эмес. Жумуртканы аз бериши, жумурткасынын кичинелиги жана бастырууга анчалык жарабагандыгынан Виандот тоогу азайып кетти.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.