Видеман-Франц мыйзамы

Википедия дан

Видеман-франц закону - металлдардын жылуулук жана электр өткөрүмдүүлүктөрүнүн өз ара байланышы жөнүндөгү закон. Туруктуу температурада металлдардын жылуулук өткөрүмдүүлүгүнүн (x) электр өткөрүмдүүлүгүнө (s) болгон катышы турактуу чоңдукка (C) барабар, башкача айтканда x/s =C. Бул законду немец физиктери Г. Г. Видеман менен Р. Франц тажрыйба жүзүндө аныкташкан (1853). Бул катыш абсолюттук температурага түз пропорциялаш экендигин даниялык физик Л. Лоренц далилдеген (1882), башкача айтканда x/s =LT, мында T абсолюттук температура, L бардык металлдар үчүн бирдей туруктуу лоренц саны деп аталат (L = 2,45 Q0 -8 ВтОм/K2).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]