Видеомагнитофон

Википедия дан

Видеомагнитофон - сүрөттөлүштү жана үн сигналдарын магниттик тасмага же компактдискке жазып алып, чогуусу менен телекөрсөтүү программаларынан кайра көрсөтүүчү аппарат. Биринчи В. 1956-ж. америкалык «Ampex Corporation» фирмасы тарабынан чыгарылган. Үй тиричилик видеомагнитофондору 1970-жылдарда пайда боло баштады. Видеомагнитофон кадимки магнитофонго окшош, бирок анда бетине видео жазуу жазыла турган сап түшүрүлгөн эндүү магнит тасмасы (эни 12,7 же 50,8 мм) пайдаланылат. Сүрөттөлүштү коштоочу үн сигналдары видеомагнитофондун кыймылсыз магниттик бөркү менен тасманын бир четин бойлото жазылат. Бөрктүү дисктин айлануусу менен тасманын бирдей синхрондуу жылышы автоматтык жөндөгүч система аркылуу аткарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]