Видео-арт

Википедия дан

Видео-арт (англисче video art) – 1960-ж. эксперименттик) – изилдөө нугунда пайда болгон заманбап көркөм искусствосунун формаларынын бири. В. а-тын негизин видеотехника менен жасалган тажрыйбалар, компьютердик жана телевизиондук сүрөттөө түзөт. Чындыкты, иллюзия берүүнү аныктаган техникалык коддун шарттуулугу менен маанилүүлүгүн заманбап видео техниканы пайдалануу жана ар кандай жолдор м-н, тилди анализдөө менен билсе болот. Тилди анализдөө (бул жерде массалык коммуникациянын визуалдык каражаттар тили) В. а-ты концептуалдык көркөм искусство менен жакындатат. Бул тармакта Нам Джун Пайк (ал В. а-тын негиздөөчүсү деп эсептелинет) Кит Соньет, Уильям Уэгмэн, Клаус Ринке, Брюс Науман, Лес Левин жана башка сүрөтчүлөр эмгектенишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]