Видeотeлeфон

Википедия дан

Видeотeлeфон - сүйлөшкөндөрдүн үнү менен кошо экран аркылуу өңүн көргөзүүчү байланыштын түрү. Видeотeлeфондун кабыл алуучу бөлүгүндө кинескоп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк видикон болот. Экранда сүрөт ак-кара түстө көрсөтүлүп, сүрөттүн өлчөмү 25х37ден 50x75 ммге чейпн жетет. Видeотeлeфон шаар аралык телефон станциясынын атайын жабдылган сүйлөшүү пункттарына орнотулат. Телефон байланышынын бул түрү сүйлөшүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди жана схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]