Мазмунга өтүү

Википедия:Аталыш мейкиндиги

Википедия долбоорунан
Белгилүү бир
функцияларды аткаруучу
Белгилүү бир
функцияларды аткаруучу
баракты талкуулоо үчүн
0 Негизги (префикссиз) 1 Талкуу
2 Колдонуучу 3 Колдонуучунун баарлашуулары
4 Википедия 5 Википедияны талкуулоо
6 Файл 7 Файлды талкуулоо
8 МедиаВики 9 МедиаВикини талкуулоо
10 Калып 11 Калыпты талкуулоо
12 Жардам 13 Жардамды талкуулоо
14 Категория 15 Категорияны талкуулоо
118 Макала долбоору 119 Макала долбоорун талкуулоо
710 TimedText 711 TimedText talk
828 Модуль 829 Модулду талкуулоо
Виртуалдуу
-1 Атайын
-2 Медиа

Аталыш мейкиндиги же жөн эле мейкиндик — кандайдыр бир префикстен (cөздөн) башталуучу же префикси жок барактардын топтому.

Префикстер белгилүү бир функцияны/функцияларды аткаруучу барактарды бөлөк барактардан айырмалоо үчүн колдонулат. Мисалы, калыптардын аталыштары Калып: деген префикстен, категориялардыкы Категория: префиксинен башталат.

Википедиянын мазмунун анын функциясы боюнча 2 топко бөлсө болот:
1) энциклопедиялык (Википедиянын окурмандарына арналган);
2) энциклопедиялык эмес (энциклопедиялык мазмундун көбөйүшүн, өркүндөшүн камсыз кылууга арналган).

Энциклопедиялык барактар префикссиз аталат. Бул жагдай да аларды энциклопедиялык эмес (префикстүү) барактардан айырмалап, өзүнчө мейкиндикти шарттайт. Ал мейкиндик негизги деп аталат.

Мейкиндиктер

Негизги (префикссиз): энциклопедиялык макалалар, энциклопедиялык тизмелер, багыттамалар ж.б.
Колдонуучу: жеке колдонуу үчүн, бирдемени сыноо үчүн түзүлгөн барактар.
Википедия: Википедиянын иштөөсүнө арналган көмөкчү барактар, эрежелер, көрсөтмөлөр, эсселер ж.б.
Файл: жүктөлгөн файлдардын сыпаттамалары.
МедиаВики: интерфейстин тексттери, гаджеттер.
Калып: башка барактарда колдонулуучу барактар.
Жардам: Википедиянын кандайдыр бир аспектин түшүндүрүүчү барактар.
Категория: тийиштүү шилтемени камтуучу барактарды тизмелеп көрсөткөн барактар.
Макала долбоору: энциклопедиялык барактардын долбоорлору.
TimedText: медиа файлдар үчүн субтитрлер.
Модуль: Lua'дагы модулдардын коддорун жана алардын документтерин камтычуучу барактар.

Талкуу барактары

Жогоруда келтирилген ар бир мейкиндикте өз талкуу мейкиндиги б.а. талкуу барактары бар (мисалы, Википедия/Википедияны талкуулоо, Файл/Файлды талкуулоо). Макалалар менен колдонуучулардын талкуу барактары башкача аталып, калган көпчүлүктөн айырмаланып турат. Макалалардын талкуу барактары Талкуу: деп башталат, колдонуучулардын ― Колдонуучунун баарлашуулары деп.

Талкуу барагы тийиштүү барактын мазмунун талкуулоо же колдонуучуга кайрылуу үчүн колдонулат. Колдонуучунун баарлашуу барагына жазганда анын «ээси» ал тууралуу кулактандырылат.

Виртуалдуу мейкиндиктер

Атайын: колдонуучунун талабы боюнча көрсөтүлүүчү барактар (мисалы, Соңку өзгөрүүлөр).
Медиа: файлдарга түз шилтемелер (Файл:Example.jpg менен Медиа:Example.jpg салыштырып көрүңүз).

Жалган мейкиндиктер

Кыймылдаткыч үчүн өзүнчө мейкиндик эмес, бирок ыңгайлуулук үчүн шарттуу мейкиндикти жаратуучу префикстер бар. Мисалы, Википедия мейкиндигинин энциклопедиялык мазмундан ажыратып, категориялоо үчүн «Категория:Википедия:» префикси колдонулат.