Википедия:Катталуу

Википедия дан

Уикипедияда катталуу милдеттүү эмес, долбоорлордун бардык катышуучулары каттосу жок деле колдоно алышат. Бирок катталган колдонуучуларга ар кандай кошумча кызматтарды колдонуу артыкчылыгы түзүлөт. Каттоодо сиздин өздүк маалыматтардын кереги жок.

Катталуунун артыкчылыгы[булагын түзөтүү]

Системага киргенден кийинки жасалган оңдоо жана ырасттолор катталууда көрсөтүлгөн атка жазылат (каттоосу жок колдонуучулардын салымдары алардын IP-дарегине жазылат).

Катталуудан кийин сиз дароо эле:

  • баракчанын жогору жагында жайгашкан "салымдарым" шилтемеси боюнча колдонуучунун салымдарын көрө аласыз;
  • өзүңүздүн көзөмөл тизмеңизге каалаган баракчаны кошуу менен сиз ал баракчанын өнүгүү тарыхын карап, көзөмөлдөй а
  • колдонуучунун өздүк баракчасында (сиздин баракчаңызда) өзүңүз тууралуу кыска маалымат берсеңиз болот;
  • колдонуучун баарлашуу барагында (сиздин баарлашуу барагыңызда) башка колдонуучуларга суроо берип, талкуулап жана суроо да бере аласыз;
  • Уикипедиянын көрүнүшүн сизге жакандай кылып ар кандай жардамчы гаджеттер жана скриптер менен өзгөртө аласыз.

Колдонуучунун системага көрсөтүлгөн IP-дареги Уикипедиянын конокторуна жана колдонуучуларына (администраторлорго дагы) көрүүгө мүмкүн эмес. Ал дарек тууралуу маалыматты бир гана Фонддун техникалык кызматкерлери жана текшерүүчүлөр ала алышат, ошондо да эгер колдонуучу одоно ката кетирсе.

Катталуу учурунда тандалган ысымдар талкулоо барактарында маектешүүнү жеңилдетет, көбүнчө колдонуучуларга интернеттен ар бир чыккан сайын алмашып турчу IP-дарек менен эмес, сиз көрсөткөн ысым менен баарлашуу жагымдуу болот.

Колдонуучулардын өздүк маалыматтары камтылган баракчалары CC-BY-SA лицензиясында болот, андыктан алардын өзгөрп кетүүсү жана вандализге учурашы мүмкүн экендигин түшүнүү керек.

Кантип катталуу керек?[булагын түзөтүү]

Эгерде сиздин IP-дарегиңизге бөгөт коюлганынын себебинен каттала албай жатсаңыз, анда администраторлордон жардам сураңыз.

Кирүү баракчасына киргенден кийин катталган колдонуучулар үчүн кирүүгө орундуктар чыгат. Бирок сиздин эсебиңиз жок болгондуктан, "Эсеп жазууңуз жокбу" деген суроонун астындагы "Wikipedia кошулуңуз" деген шилтемени басыңыз. Андан соң сиздин алдыңызга катталуу үчүн толтурулуучу бош орундуктар чыгат, алардын үстүндө турган суроолорун окуп, толтуруп чыгыңыз. Көңүл буруңуз! Катталуу үчүн ар бир бош орундукту толтуруу керек (E-mail дарек тууралуу орундукка дарек жазуу милдеттүү деле эмес).

Катталуудан кийин сиз бир гана Уикипедияда эле эмес, ага тууган уикидолбоорлорго да эсебиңиз ачылат. Бирок дароо эле эмес, сиз ал долбоорлорго баш баккан учурда өзүнөн-өзү ачылып калат.