Мазмунга өтүү

Википедия:Массалык түрдө макала киргизүү

Википедия — ачык энциклопедия

Массалык түрдө макала киргизүү — күнүнө отуз же андан жогору санда макала киргизүү. Массалык түрдө макала киргизүүдө автор өз алдынча маалымат чогулутуп, жаңы макала жаратпайт, ал алдын ала даярдалган текстти бир жерден алып киргизет.

Киргизилүүчү макалалар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  1. автордун вики-тажрыйбасы бир жылдан кем эмес болуу;
  2. автор отуз күн катар Википедияда активдүү болуу;
  3. киргизилүүчү макалаларды Вики-жамаат менен талкуулоо;
  4. Вики-жамааттын уруксатын алгандан кийин макала киргизип баштоо;
  5. макала киргизүүдө ар бир макаланын ортосундагы аралык отуз мүнөт болуу (администраторлор же тажрыйбалуу колдонуучулардын текшерүүсүнөн өтүүсү үчүн);
  6. автор отуз мүнөттүк аралыксыз макала киргизүү үчүн Бот макамын алуу.

Талаптардын зарылчылыгы

[булагын түзөтүү]

Акыркы убакта тажрыйбасы жок колдонуучулардын массалык каталарды жараткан иш-аракеттеринен улам, жана тажрыйбасы аз колдонуучулардын кийинки каталарын алдын алуу максатында, Кыргыз Википедиясынын администраторлору ортодо кеңешип, жогорудагы эрежелер кабыл алышты.

  • Вики-жамаат жана администраторлор менен алдын ала макулдашылбаган массалык кошуулардын авторлору берилген эскертүүдөн кийин бөгөттөлөт.

Дагы караңыз

[булагын түзөтүү]