Википедия:Сомо/Кыргыз малекетинин герби тууралуу

Википедия дан

Символикада бүркүттүн сүрөтүнүн берилиши коомдук жана тарыхый изилдөөлөрдө.

Шергазиев Алмазбек Жакшылыкович – Кыргыз билим берүү академиясынын педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунун директорунун орун басары

Кыргыз Республикасынын Гербиндеги негизги сүрөттөрдүн бири тоо бүркүтү, Манас менен Семетейдин Акшумкарынын сүрөтү түшүрүлгөн. Символикада бүркүт жогорку бийликти, зордукту жана бийлик кылууну түшүндүргөн. Ошондой эле бүркүт күчтүн, ылдамдыктын, туруктуулуктун жана баатырдыктын, таза жеңиштин, эргүүнүң жана руханий жактан көтөрүлүүнүң да символу. Мифологияда бүркүт күндүн, чагылгандын жана бийик асмандын кудайынын эң ишенимдүү коштоочусу. Байыркы гректик кудай Зевстин да, римдик Юпитердин да ыйык кушу бүркүт болгон.

Кречет, Falco rusticolus – шумкар. Бул жаратылышта өтө сейрек кездешүүчү куштардын бири. Бүркүттөрдүн тобуна кирип, жоголуп кетүү коркунучунда болгондугу үчүн Эл аралык Кызыл китепке, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Кыргыздын мүнүшкөрлөрү тарабынан алгыр куштар ак-куш, кара куш деп экиге бөлүнөт. Ак-куштарга: шумкар, туйгун, тунжур, тынар ж.б. кирсе, кара куштарга- бүркүт, ителги, ылачын, турумтай кирген.1

Шумкар ителгиден таралып, алар сырткы көрүнүштөрүнө карай ак шумкар, кара шумкар, кызыл чаар шумкар, күйкө шумкар деп бөлүнүшкөн. Ал эми карапайым ителгилер да алгырлар болуп, алар кумпай, кара бүлөө деп аталган. Шумкар жөнүндө кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында көп дастан, уламыштар бар.

Эски сөздө ителги (шумкар) тегирмендин ташын сындыра теептир дейт. Дагы бир уламышта Дөөтү уста менен ителги мелдеше кетиптир. Дөөтү устага ителги мен тегирмендин ташын иштеп турганда сындыра тебем дейт. Мелдеште ителги тегирмендин ташын сындыра тээп кайра көтөрүлө бергенде, Дөөтү уста сынган ташты кайра эч жигин билгизбей жамап койчу экен. Ошондон ушуга тањ калып ыйлай берип ителгинин көзү кара болуп калган дешет2. Чындыгында кыраан шумкарлар бүркүттү жыга тээп, эч убакта азга ыраазы болбойт. Өлтүрө тээп, жүзү болсо да кырып салат. Шумкар абдан суук, бийик тоонун башына тууйт. Бийик зоого туугандыктан баласын алуу өтө кыйынга турат. Ак шумкарды анын ичинде шумкарды таптоо иши, ийиктирүү да өтө сылыктыкты, сыпайычылыкты, кылдаттыкты талап кылган.

Элдик түшүнүктөрдө иттин пири Кумайык «Балта жутар» куштан туулат имиш. Көк жорунун жумурткасынан чыккан кызыл эт балдары 7 күнгө чейин, дагы бир вариантында 3 күнгө чейин кыңшылап күчүк болот, аны жакшылап бакса андан жакшы тайган же Кумайык болот, андан кечиксе ал көк жоруга (Балта жутарга) айланып куш болуп учуп кетет деген уламыш бар. Бирок Кумайык кыргыз элинин түшүнүгүндө «ит төрөсү» иттердин урук-тукумун калкалоочу ээси катарында эсептелет. Кумайыктын элеси баардык жерде адамга жакын. Адамдарды жырткычтардан коргоого колкабыш кылат. Мисалы, Көйкаптан желмогуз жер бетине чыга турган болсо, аралыгы жети күндүк жерден билип Кумайык үрүп чыккан. Кадыресе желмогузга тиш салган. Желмогуз Кумайык турган үйгө бетала алган эмес. Манастын Кумайыгын да «киши барбас Медияндын чөлүнөн» Манас таап «күнөө кылбаган зайып багат» деп угуп Каныкейге берет. Каныкей «күндүзүндө тынч албай, оозу менен сүт берип, колу менен эт берип», кырк кез ордун түбүндө жан кишиге көргөзбөй жети жылы багат. Бул жерде Кумайык деген сөз да төмөндө биз сөз кыла турган «Хумай» деген сөз менен үндөшүп турат. Себеби Кумайык деген сөз эки мааниден туруп, анын биринчи мааниси «Хумай», экинчи мааниси «Умай» деген сөздөн турат. Түрк элдеринде тараган легендалар боюнча «Кумайык» бардык учурда ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Бул жаныбар ушул эле ат менен Кавказдын айрым элдеринде да кезигет. Экинчиден бул «Умай» деген түрк элдеринде тараган аял, балдарды колдоочу, тукум улоочулуктун, коломтонун кудайы катары белгилүү.

Азыркы мезгилде өзгөчө баалуу кењири тараган археологиялык материалдардын бири болуп таштарга, аскаларга же болбосо үњкүрлөрдөгү чегип тартылган айбанаттардын сүрөттөрү болуп эсептелет. Мындай сүрөттөр байыркы диний жерлерде, уруулук ыйык деп эсептелген жайларда же майрамдык ырым-жырымдар жүргүзүлгөн жерлерде түшүрүлгөн. Ушундай сүрөттөрдүн бири бүркүттөрдүн сүрөтү. А.П.Окладников түрк-монгол элдериин көпчүлүк элдик оозеки чыгармачылыгындагы бүркүтттүн образы жөнүндө: бакты –таалайдын жана молчулуктун кепилдиги катары мал менен кесип кылган коомдун эњ жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын ээси болуп саналат дейт. Археологиялык маалыматтар да бүркүттөрдүн сүрөттөрү коло доорунда пайда болгонун ырасташат. Элдик салт боюнча да эњ орчундуу учурларда да чыр-чатакты басуу, согуш мезгилинде тынчтыкты калыбына келтирүү максатында куш тартуу кылуу салты кошо жүргөн. Сибирь кыргыздары да Чынгыз ханга багынганын билдирип ага шумкар тартуу кылганы тарыхта белгилүү.

Сибирдин түрк тилдүү элдериндеги ырым-жырымдарда, адамдардын кээ бир жаныбар же канаттуулар менен бир туугандыгы жөнүндө маалыматтар сакталып калган. Сибирдин түрк тилдүү элдеринин диний ишенимдери боюнча негизги тотемдер болуп бүркүт, ак-куу жана карга эсептелген.3

Ал эми окумуштуулар А.П.Окладниковдун оюу боюнча бүркүттөрдүн сүрөттөрүнүн чагылдырылышынын Сибирдин бурят, якут элдеринин мисалында мындай деп түшүндүрүшкөн. Алтай элдеринде бүркүт жогорку жаратуучу Ульгене кудайы, якут элдеринде болсо- бүркүт күндүн жана оттун ээси. Ошондой эле ал жаратылышты жаратуучу. Ал кудайга баласы жок аялдар бала берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ошондуктан аны якуттар жаратуучу деп да аташкан. Ал жаратуучу жана шамандардын баштоочусу.4 Бүркүттүн күндүн символу болуп калышын кыргыздардын ою боюнча, балким, бүркүттүн башка канаттуулардан айырмаланып өтө бийик жерде жашоосу, бийик көтөрүлүүсү, күнгө чейин жетет деп ишенүүсү, ошондой эле канаттуулардын бул падыша кушунун күндүн нуруна көз ирмебей тик карашы да маанилүү рол ойногон болушу керек. Манастын андан кийин Семетейдин укумуштуу ањчылык кушу Акшумкар эпостун ар кандай вариантарында ар кандай берилген. Бирде Арпанын же Арканын Кара тоосунан Алмамбет кармап алып, Каныкейге берип бактырса, бир варианттарада Кошой кармап, Манаска «дөөлөт, бийлик кушу» катары берет. Акшумкар менен Кумайыктын образын тарыхта кыргыздар куш салып, тайган агытып ањчылык менен кесип кылган мезгил менен байланыштырышат. Манастын биринчи бөлүмүндө алардын ањчылыкка пайдаланганы жөнүндө айтылбай, иш жүзүндө колдоочу, сөөлөөт үчүн алынып жүргөн колдоочу мифтик жаныбар милдетин аткарат. Акшумкар менен Кумайык бири бирине жакын иш аткарышат. Семетей Таласка келгенде да, Акшумкар айланып учуп, Семетейдин башына конот. Энеси Каныкей эгерде башыңа Акшумкар конбосо кайра Букарга кайтып кел, анда ишиң оңолбойт деп катуу тапшырма берет. Бирок Манасты колдогон бул жаныбарлар да Семетейди колдошуп, тегеректешип, ага атасыныкындай сүр, айбат беришет, Акшумкар айланып учуп Семетейдин башына конот. Ошондой эле Акшумкар бийлик символу катары Манас тууларда ата-энесинин түшүнө да кирет, Семетей кайып болоордо учуп кетет. Акшумкар эпосто мындайча сүрөттөлөт:

Көзү кара, көк шал бут. Көргөндөн кайра тартпаган, Көнөктөй жемди артпаган. Боору кара, сырты көк, Көсөө куйрук, үнү ачуу. Куш сыпаты мына бу. Кукулуктап үн чыкса Куштан ачуу үнү бар Каманды серпип кан кылчу, Кайратына келгенде, Качыра түшүп күркүрөп, Кара чаар жолборсту Капталдан серпип жай кылчу.5

Иран элдеринин эњ байыркы диндик китеби «Ригведе» жору түспөл Хомай деген ыйык куш образы жолугат. Иран элдеринин түшүнүгүндө Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Семетейде да Акшумкар бийлик кушу катары башына конот. Ошондой эле «Авесте» да Симург ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Иран элдеринин таасири катары аны кыргыз эли алганы же кыргыз элинен иран элдери алганы изилдөөнү талап кылат. Балким бул таасир Кумайыка өткөн болуш керек. Андан соњ ал экиге бөлүнүп, куштун образы Акшумкарга, иттин образы Кумайыка өткөн болуш керек. Байыркы түрк элдеринде адамдын жаны куш түрүндө элестеткени элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө көп кезигет. Мисалы кыргыз элинин «Кет бука» деген күүнүн текстинде да Кетбука ырчы Айханга «Алтын боолуу Ак шумкар, Алтын боосун тытыптыр, Айды карай сызыптыр» деп деп табышмактантып айтса, хан дароо баласынын өлгөнүн түшүнөт. Ошондой эле Семетей кайып болгондо да Акшумкар өзүнөн-өзү учуп кетет. Акшумкардын адамдын жаны (куту) катары сүрөттөлүшү анын Айчүрөктүн ала качып кетишинен да көрөбүз. Бизди кызыктыруучу дагы бир жагдай жагалмай деген сөзгө байланыштуу талаш-тартыштар. Жагалмай байыркы мезгилден бери көптөгөн түрк элдерине анын ичинде кыргыздарга дагы белгилүү болгон да уруулук менчик белгини- тамга катары белгилүү болгон. Мисалы башкырларда- ягалбай, өзбектерде- ягалбай, каракалпактарда- жагалбай, казактарда – жагалбайлы, түркмөндөрдө-ягалтай, кыргыздарда болсо – жагалмай.6

Бул сөз бурят тилинде – бүркүт, шумкар, ителги жана крести түшүндүрүшкөн. Монгол тилинде – крест, жагалмай.7 Уйгур тилинде – жагалбай- «кобчик» - ителги.8

Ал эми кыргыз элинин бугу уруусунун тамгасы- жагалмай тамга деп аталып ал эми учуп бараткан куштун сүрөтү деп түшүндүрүлөт. С.М.Абрамзондун изилдөөсүнө ылайык байыркы кыргыз уруусу цзе-гунун уруулук тамгасы да азыркы кыргыз уруусунун тамгасы жагалмайга абдан окшоштугунда.9

Жогоруда көрүнгөндөй «жагалмай» бул куш, бүркүт, шумкар, крест. Ал эми байыркы түрк элдеринде жагалмай сөзүнүндө куштун образынын мааниси өтө терењ болуп эсептелет. Бурят элинде загалмай – кушка айланып кеткен сыйкырдуу ат. Монгол , бурят тилинде татаал мифологиялык канаттуу ат. Ал эми монгол элинде Чынгыз хандын эки күлүк аты жөнүндө ыр.10

Ошол эле мезгилде загал – бурят – монгол тилдеринде жапайы бугу-марал деген сөздү түшүндүрөт. Же болбосо – канаттуу- бугу. Академик Мардын пикири боюнча загал сөзү адегенде- загал-бугу , андан кийин загал-атка колдонулган.11

Ушундай эле канаттуу, космостук бугу, образы, бугу-күн деген пикирди азыркы көрүнүктүү окумуштуулар А.Н.Мартынов, В.В.Бобров да белгилешкен.12

Бугу Саян-алтай, түрк урууларынын тотеми катары болбостон, ошол эле мезгидде байыркы индоиран, скиф-саян урууларынын да тотеми болуп саналган.13

Жогорудагыдан загал жагалмай термини биринчиден канаттуу асман бугусу же атты алганын көрдүк. Кыргыздын эпосторунда да канаттуу аттар Чынкожонун Кара аты, Кыяздын Тооторусу, Коњурбайдын Кара аты, Манастын Аккуласынын эти кызыганда «бир жагында 21, бир жагында 20 канат бар, аркасында ажыдардын түрү бар» укумуштуу тулпарлардын болушу, алардын асманга учушу чыгармаларга бекер кирген эмес. Ал эми Эр Төштүктүн аты Чалкуйрук Төштүк менен оор шарттарда аны менен сүйлөшүп, кењешет, аты ага алдын-ала оор болуучу жагдайлар жөнүндө кабар берет, айтып турат. Ал мифологияда, диний ырым-жырымдарда жана искусстводо баардык азыркы түрк-монгол элдеринде жолугат. Экинчиден загал сөзү-бүркүт, шумкар, ителги, крест. Жагалмай сөзү түрк-монгол элдериндеги шаманизм, «Дүйнөлүк дарак» же «Эне дарагындагык» крести же болбосо кызыл бүркүттү түшүндүргөн. Байыркы түрк-монгол элдери ал даракка сыйынышкан, курмандык чалышкан жана шамандардын жанын, жандардын дүйнөсүнө алып барат. Курмандыкты асманга алып кетет, ошондой эле адам өлгөндө анын жанын да асманга алып кетет дешкен. Ал дүйнөлүк дарак же болбосо бүркүт кызыл болгон. Байыркы мезгилде кызыл түс канды, өмүрдү түшүндүргөн. Экинчиден кызыл түс анын от жана күн менен байланыштырган.14

Дагы бир токтолуп кетүүчү сөздүн бири дүйнөлүк дарак же болбосо «Чынар терек», космос дарагы, асман дарагы аталышына байланыштуу. Ал дарактын тамыры жер алдындагы дүйнөдө (өлүктөр дүйнөсүндө), ортоњку сөњгөгү (жер үстүндө кадимки адамдар өлкөсүндө), башы асманда (кудайлар өлкөсүндө) жашаган бүткүл ааламды өзүнө туташтырып турат. Бай теректин эгеси көпчүлүк учурда аял (эне) түрүндө элестетилип, ал өлүп бараткан, чарчап чаалыккан адамга, өлбөс же күч кубатка ээ кылуучу, жашартуучу ичимдик тамак тартуу кылат. Мисалы Каныкей Букарга качканда ачка болуп, чаалыкканда Каныкейди Байтерек сүт берет. Алтайлыктардын да элдик оозеки эпикалык чыгармачылыгында Байтерек жөнүндө маалымат бар. Анда дарактын башында бүркүт, күкүк конуп олтурса, түбүндө бөрү жатат. Күкүктүн сайраганы өлгөн адамды тирилтет, куураган дарак бүрдөйт. ж.б. Ушундай эле маалымат кийинки эле мезгилди сүрөттөгөн Эр Табылды эпосуна кирип кеткен. Эр Табылды ээн талаада калганда күкүкө « оо күкүк, отуз жерге ок тийди, кыбыраарга алым жок. Сүлдөрүмдө кубат жок. Басып барар бутум жок, жеткизип берер кишим жок, сенден башка досум жок. Өлө турган чак болду, калмак менен сайышып, кара жаным кейиди. Кайрылып күкүк суу берчи» дейт. Күкүк сууну карай учуп, сууну Табылдынын оозуна тамызат. Күкүк кудайга кайрылып «суу ташыганга чанач жок» дегенде, күкүкө жемсөө бүтүп, жемсөөгө суу толгондо, көтөрө албай, уча албай жыгылып, жөрмөлөп келип, сууну Табылдынын оозуна куйган экен. Табылды эми молдо досум бар эле, дарысы көп эле, жакшылык кылып чакырып келип бер дегенде, беш балам бар эле аны кантем дегенде, кудай анын сөзүн угуп, анын балдарына башка чымчык куштар жем бердирип койгон экен. Ошондон кийин күкүк анын досун чыкырып берип Эр Табылды айыккан экен.15 Ушуга окшош эле кызыктуу материалдар Көчпөсбай «Эр Төштүк» чыгармасында да жолугат. Бул жерде да негизги образдар Күкүк, Сейнеп, Чынар терек ж.башкалар.16 Төштүк жер астына түшүп, дарактын башынан Алп кара куштун балдарын жутмак болгон ажыдарды өлтүрөт. Мындан биз дүйнөүк дарактын классикалык үлгүсүнө жакын көрүнүштөрдөн сакталганын көрөбүз. Асманды бүркүт, жер астын ажыдар ээлеп алганын көрөбүз. Манасты да Алп кара куш менен ажыдар колдоого алат. Мунун өзү Манастын күч кайраты байыркы түрк элдеринин түшүнүгүндөгү жер алды, жер үстү, асманга чейин тењ жеткенин көрөбүз. Ошондой эле жагалмай сөзүнүн биринчи бөлүгү, куш. Дүйнөлүк дарак, күн, ал адамдардын жанын асманга алып кетүүчү катары Саян, Алтай түрк элдериндеги диний-ырым жырымдагы маанилүү элемент катары көрдүк. Сөздүн экинчи бөлүгүн көп окумуштуулар кыскартылган түр катары май терминин Умай эне байланыштырышат. Умай эне байыркы түрк кудайы, балдарды коргоочу, үй-бүлөөлүк тукумдун сактоочусу, бардык жердеги башталыш, түшүмдүүлүк. Азыркы түрк тилдүү элдерде бул Умай-эне кудайы түрдүү формада айтылат.Мисалы кумандыктар – Пай-она, май-эне, телеуттар – пай-ана жана май эне, качининдиктер – май, кыргыздар умай –эне. Абрамзондун оюу боюнча Умай перстерден алынган сөз да ал кушту, дүйнөлүк даракты түшүндүргөн.17 Башкыр «Ак-Бузат» эпосунда күндүн кызы жана суу астындагы падышасынын ак-куу кызынын аты Хумай. Якуттарда жогорку кудайдын Урун-Айынын аялынын аты, кээде элге ак-куу образында адамдарга көрүнүп турат, Хубай хатун, буряттар өзүнүн асманда –кыз ак-куусун Хобаши хатан деп аташат. Кыргыз-орус сөздүгүндө кумай-снежный гриф деп берилген. Байыркы түрк элдеринде да теңир Умай жөнүндөгү түшүнүк кандайдыр бир убакта куш кудайы (ал көпчүлүк убактарда куш катары кабыл алынат) баардык жандуу нерселерди жараткан тукумдуулуктун, түшүмдүүлүктүн символу катары болгондугу менен да белгилүү. Кыргыздарда акылман, көптү көргөн, эрки күчтүү, улгайган, эмчи-домчу аялдарды Умай энеге теңешкен. Бата тилегенде, ар-кандай ырым-жырымдарды жасаган мезгилдерде, катуу ооруганда Умай эненин аты менен сыйынышкан. Кыргыздардын ырым–жырымдары боюнча бала төрөлгөндөн чоңойгонго чейин аны ардайым Умай эне колдоп, ар кандай жаман нерселерден, оору-сыркоодон колдоп турат деп ишенишкен. Бала-бакыра сыркоологондо: »Менин колум эмес, Умай энемдин колу, менин дарым эмес, Умай энемдин дарысы» деп дарылашкан. Кыргыз элинин ишенимдери боюнча наристенин куйругундагы, аркасындагы көгүш тактар Умай эненин колунун тагы, наристе бала күлгөндө, үн салса Умай эне менен сүйлөшүп жатат, эгинден мол түшүм алынса, малдын төлү жакшы болсо: «Умай эненин эмчегинен сүт акты» дешкен. Дагы бир кызыктуу изилдөөнү талап кыла турган материалдардын бири «кыргыз» этнонимине байланыштуу. Ю.А.Зуевдин гипотезасы боюнча «кыргыз» этноними «грифтер өлкөсү» (инди-иран тилинде karkasa, karkas ж.б. –бүркүт) деп, ал эми «бурут» этнонимии «бүркүт» катары чечмеленет18. Азыркы кезде мамлекеттик геральдика илиминде бүркүттүн эмблемасы улуттук көзкарандысыздыктын белгиси катары көптөгөн өлкөлөрдүн гербдеринде чагылдырылган. Бүркүт кеңири тараган геральдикалык эмблема катары, бир эле мезгилде шумкарды, бүркүттү, кондорду жана башка жырткыч куштарды да түшүндүргөн.

Жыйынтыктап айтканда бүркүттөрдүн өтө бийик жерде боло турганын, байыркы тарыхый булактар боюнча да «кыргыз» этнонимин окумуштуулар тарабынан кырда жүргөн, бийик жерде жүргөн элдер катары караганда да, жогорудагы баяндалган уламыш, ырым-жырымдардан кандайдыр бир деңгээлде кыргыз элинин турмушунда мааниге ээ болгондугу жана бүркүттөр менен байланышы бар экендигин далилдейт.

Пайдаланылган адабияттар

1 Мукаш Кыдырбай. Кыраандар тобу. Кыргыздар. (Кытайдагы кыргыздардын санжырасы, тарыхы, мурасы жана салты) деген китепте. 4 китеп. «Кыргызстан-Сорос» фонду. Бишкек 1987 ж. 585, 586-593 –беттер.

Солтоноев Белек. Кызыл-кыргыз тарыхы. 2- китеп. Мамлекеттик «Учкун» концерни. Бишкек-1993. 140, 189-197- беттер.

Акматалиев Амантур, Кыргыз мүнүшкөрлүгү, Бишкек-1999, 24-26-беттер. Рыскулов Сардарбек, Кара шумкар, Фрунзе-1990.

Бектенов Зыяш., Эне тилден гүлдесте., Фрунзе «Адабият», 1990, 21-бет.

2 А.Алексеев. Ранние формы религии тюркоязычных народов Сибири.АН СССР. Сибирское отделение. Якутский филиал. Институт языка, литературы и истории. Издательство «Наука». Новосибсирск 1987. 115-бет

3 Окладников А.П. Образ птицы в искусстве бронзового века Забайкалья и его анологии в народном искусстве бурят.1954.№1 стр-150-160. Д,С.Дугаров. Исторические корни белого шаманства на материалах обрядового фольклора бурят. АН СССР. Сибирское отделение. М.»Наука» 1991, 17-бет. 4 Манас энциклопедиясы, том1 , Бишкек, 1995, 67-бет.

5 Кузев Р,Г, Происхождение башкирского народа. М,.1977., стр 428-429, 189.

6 Монгольско-русский словарь. М.1952.,

7 Уйгурско- русский словарь. М..1968.

8 Абрамзон С.М. Киргызы и их этногенетические и историко-культурные связи.Л., 1971., 32-33-беттер.

9 Д.С.Дугаров. Исторические корни белого шаманства на материалах обрядового фольклора бурят. АН СССР. Сибирское отделение. Бурятский национальный центр. М.»Наука» 1991., 61-84-беттер

10 Марр Н,Я, Средства передвижения, орудий самозашиты и производства в доистории.Л.,1926

11 Мартынов А.Н., Бобров В.В. Образ космического оленя в искусстве тагарской культуры бронзовой и железный век Сибири. Новосибирск., 1974., Вып.4: Древяя Сибирь 73- бет.

12 Абаев В.И. Осетинский язык и фольклор. М.,Л., 1949. Баялиева Т.Д. Доисламские верования и их пережитки у киргизов. Фрунзе , 1972. Вайнштейн К.И. Проблема происхождения оленоводства в Евразии.1. Саянский очаг одамашивания оленя// СЭ. 1970.№6

13 Пухов И.В. Якутский героический эпос олонхо. М.1962. стр 64,71.

 Потапов А.П. Умай-божество древних тюрков в свете этнографических данных. // ТС.1972.М.,1973. Стр 15.

14 Шырдакбек. Эр табылды., Ы.Дыйканбай уулунун айтуусунда., Бишкек, 2002. 390-392-беттер

15 Эр Төштүк, Жыйнаган Ыйманбай Шамен уулунуку, автору белгисиз, Бишкек, 1996, 414-416-беттер.

16 Потапов М.П. Умай – божество древних тюрков в свете этнографических данных // ТС. 1972. М., 1973. 276-277-беттер.

17 Абрамзон СМ. Киргизы и их этногенетические и историки-культурные связи. Л., 1971. Стр 278.

18 Зуев Ю.А. Древне тюркские генелогические предания как источник по ранней истории тюрков. Автореферат. Канд. Дисс. Алма-Ата 1967. стр14