Википедия:Сомо/Сокулук капчыгайы

Википедия дан

СОКУЛУК КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Ала-тоосунун түн. капталында. Чыгышы Жы-ламыш, батышы Аксуу суу бөлгүчтөрү м-н чектешет. Аянты 429 км 2 , уз. 31 км. (Таш-булактан жогору). Жазылыгы жогорку бөлүгүндө 22 км, төмөн жагында 9 км. Капчыгайдын таманы деңиз деңг. 1400– 3000 м, жабык төрлөрдүн кыры 4100 м бий-иктикте. Суу бөлгүчтөрүнүн орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери Туюк (4446 м) ж-а Кичитөрдүн башында (4316 м). Капчыгай-дын салыштырмалуу тереңдиги 900– 2200 м, таманы кууш 50–200 м, капталда-ры тик 35–90°. Рельефи татаал. Байыркы мөңгүлөрдүн ж-а суунун аракетинен пай-да болгон. Сокулук ж-а анын куймалары-нын жогорку бөлүгү тепши сымал өрөөн-дөрдөн туруп, азыркы мөңгүлөр м-н кап-талган тик капталдуу, аскалуу жабык төр-лөр м-н бүтөт. Бул өрөөндөрдүн этегинде суу эрозиясынан пайда болгон V сымал кууш капчыгайлар кездешет. Капчыгай-дын капталдарында кууш ж-а терең жыл-галар бар. Ташбулак кыш-нан түндүктү карай капчыгай кенен (1–3 км) өрөөнгө өтүп, эндүү аккумуляциялык тектирлерди пайда кылат. Өрөөндүн капталдары плио-цендин шагыл, кумдук ж-а чопо тоо текте-ринен туруп, деңиз деңг. бийикт. 1780 м, жазылыгы 9–12 км. Капчыгайдагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 57,9 км 2

карчеги 3500–3900 м. Климаты континенттик.

Январдын орт. темп-расы –8°С ...–14°С, июлдуку 12,1–8,5°С. Жылдык жаан-чачы-ны 500–600 мм. Топурагы ж-а өсүмдүктөрү бийиктик б-ча өзгөрөт. Деңиз деңг. 800– 1300 м бийикте жарым чөл (акшыбак, ка-ракыяк, эфемер; чычырканак, караган ж. б.), 1000–1800 мде бийик чөптүү талаа (карындыз, кызылот, карашыбак, тоо сой-гок ж. б.), 1800–2700 м бийикте бадалдуу арча токойлуу шалбаалуу талаа ж-а шал-баа 2700–3500 м бийикте субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. 3500 м-ден жогору гляциалдык-нивалдык зона жа-тат. Сокулук ашуусу аркылуу Суусамыр м-н Чүй өрөөнү байланышат. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү дыйканчылыкта, жогор-ку жагы кышкы ж-а жайкы жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндө Ташбулак, Ко-нуш, Саз, Биринчимай, Арал ж. б. кыш. жайг ашкан