Википедия:Сомо/Хундар

Википедия дан

Хундар. Тили тектеш калктарыбыздын белгилүү болгон ордо бабалары хундар эле. Жалпы түрк элдеринин алгачкы тарыхый мамлекеттүүлүгүн хундар негиздеген. Хундарды азыркы айрым бир гана түрк элдеринин ата-теги деп көрсөтүүгө болбойт. Хун маданияты, салт-санаасы, саясий тажрыйбасы дээрлик бардык түрк урууларына таасирин тийгизген.

Хундардын алгачкы мекени. Борбордук Азияда көчмөндөр цивилизациясын негиздеген хундар б. з. ч. VI—V кк. тартып, байыркы Кытайдын Хуанхэ дарыясынын боюнда жайгашкан мамлекеттердин түндүк-батыш коңшулары болгон. Ал эми хундардын түндүк-батышында эң байыркы каргыздардын жана ага тектеш түрк урууларынын ата-теги жайгашкан. Алардын бардыгы тең б. з. ч. I миң жылдыктын ортосунда алгачкы жамааттык түзүлүштө жашашкан. Хундардын чыгыш тарабындагы коңшулары дунху уруу жалпылыгына кирген уруулар эле. Алар монгол тилинде сүйлөөчү калктардын байыркы ата-теги болуп саналат. Хундардын батыш жагындагы коңшулары йүечжи уруулары эле. (Хун, дунху, йүечжи деген аталыштардын баары байыркы кытай тилиндеги этнонимдер. Бүгүнкү күндө бул уруулардын ошол доордогу аталыштарынын жандырмагы чечилбей, чоң табышмак бойдон калууда). Йүечжилер инди-европа тилдеринде сүйлөгөн эң чыгыштагы уруулар болуп саналат. Алардын тили азыркы тажик, иран, хинди тилдерине тектеш келет.

Хундар жана байыркы Кытай мамлекеттери. Б. з. ч. I миң жылдыктын алгачкы жарымында хундар менен байыркы кытайлыктардын ээликтеринин ортосунда башка да көчмөн уруулар жайгашкан. Ошондуктан кытайлыктар көбүнчө өздөрүнө жакын уруулар тууралу сөз кылышкан (маселен, «жун» деген ат менен белгилүү уруулар б. з. ч. IX—IV кк. Кытайды оор жоготууларга дуушар кылган согуштарды жүргүзүп турушкан). Айрым учурларда хундар менен кытай аскерлери тиреше түшкөн жагдайлар түзүлгөн.

Байыркы кытайлык «Ырлар китеби» деген жайнактагы ырлардын бири б. з. ч. 822-жылга таандык окуяны мындайча баяндайт:

«Алтынчы айда, Жадыраган жаз күнүнүн таңында, Жоо жарагы, гүл азыгы артылган Арабалар тизилишип каз катар, Жүрүп жатты чоң казатка камылга... Ал анткени, күтүүсүздөн чачып каар, Басып кирди түндүк жактан хундар. Падышадан буйрук келип шашылыш: Баш калааны таштап душман колуна, Кеттик чыгып жапырт андан баарыбыз.

... Жаткан кезде талап-тоноп хундар, Каптап келип, капилеттен кол салып, Жоонун колун жексен кылып жер менен, Ордобузду олжо менен кайра алдык!»

Ал эми б.з.ч. 3-кылымдын соңуна чейин согуш болбогон маалдардагы хундар жөнүндө кытайлык булактарда дээрлик эскертилген эмес.

Улуу Кытай дубалы биздин күндөргө чейин архитектуралык курулуштун үлгүсү катары сакталып жеткен.Бул дубал Кытайдагы сулалелик алмашууга карабастан, б. з. ч. III—I кк. хундар (түрктөрдүн ата-теги) жана дунху уруулары (монголдордун ата-теги) тарабындагы Кытайдын туруктуу түндүк чеги катары кызмат кылган. Бул чептер системасы согуштук гана мааниге ээ болбостон, кытайлыктар менен түндүк коңшуларынын соодалык, чарбалык, маданий алакаларынын да күбөсү болгон.

Хундардын алгачкы падышасы — Тоу-Ман (Түмөн). Хундардын уруу бирикмесин түзгөн эзелки тарыхый инсандар белгисиз. Ал эми кытай тарыхый булактары бизге маалымдаган эң алгачкы хун падышасы кытай иероглифтери аркылуу Тоу-Ман деп берилген. Анын падышалык титулу шанүй болгон.. Тарыхый адабиятыбызда Түмөн-Шанүй деп аталган бул адамдын тушунда хундар кубаттуу дунхулардын жана йүечжилердин ортосунда калган эле. Бул б. з. ч. III к. акыркы чейрегине таандык. Түмөн-шанүй хундардын уруу бирикмесин жетектеп турганда б. з. ч. 215-ж. кытайлык кошуундан жеңилүүгө учурайт. Хундардын алсыраганынан кабардар болгон йүечжилердин падышасы Түмөн-шанүйдөн аманат талап кылган. Батыштагы жоосун алаксытуу үчүн Түмөн-шанүй өзүнүн улуу аялынан төрөлгөн уулу Маодунду (Моде, Мете) аманат катары йүечжилерге берүүгө аргасыз болот. Түмөн-шанүйдүн кенже уулу кичи аялынан болгон. Йүечжилер кокус Модэни өлтүрүп салышса, ушул кенже уулу мураскер катары тактыга отурмак. Арийне, уулу Модэ эркиндикти гана сүйбөстөн, бүткүл хун өлкөсүнүн күч кубатын түзө алган таланттуу мамлекет башчысы болоорун атасы боолголой алган эмес.

Модэнин козголоңу. Күндөрдүн биринде Түмөн-шанүй кол топтоп алып, йүечжилерге басып кирет. Хундардын кошууну жакындаганда сыйлуу туткун болуп жүргөн жаш Модэ жан адамга билдирбестен аргымактын бирин тандап минет да, кайрадан күчтөнгөн хундарды көздөй бет алып, аман-эсен качып кетет. Бул — өзүнчө эле эрдиктин үлгүсү болгон. Түмөн-шанүй уулуна өзүнүн колунан бир кошуунду бөлүп берет. Модэ өз аскерлерин ышкырыктуу жебе менен таамай атууга машыктыра баштайт. Акырындап ал өз кошуунун берилген, буйрукту кыңк этпей аткарган жоокерлер менен толуктаган. Кытай булактары күбө болгондой, күндөрдүн биринде ал өзүнүн жебеси кайсы бутага атылса, дал ошондой кайталоого жигиттерине буйрук берет. Ошентип, өзүнүн сүйүктүү аргымагына ышкырыктуу жебесин багыттап атып калат. Колбашчысынын мыкты аргымагын атып салууга даабаган жигиттеринин башын алдырат. Кийинчерээк Модэ өзүнүн сүйүктүү колуктусун көздөй ышкырыктуу жебесин мелжеп атат. Анын бул буйругуна түшүнө бербегендердин баарынын башы алдырылган. Каардуу колбашчы Модэ аң уулоо учурунда өзүнүн атасы минген атты жаасы менен атып калат. Мурдагы окуялардан катаал сабак алган жоокерлеринин бири калбай бул атты атып өлтүрүшөт. Ушундай даярдык менен Модэ козголоң чыгарууга бел байлайт. Ал ышкырыктуу жебесин өз атасы Түмөн-шанүйдү карай мээлеп атканда, аскерлери да жебелерин кечикпей хун падышасын көздөй жиберүүгө ашыгышат. Бул окуя б. з. ч. 209-ж. болуп өткөн. Мына ошентип, Модэнин бул козголоңу ийгиликтүү аяктаган. Кийинчерээк, бийликти тарттырып жибербес үчүн ал Түмөн-шанүйдүн кичи аялын жана анын баласын, атасына берилген адамдарды бүт өлтүрүп, өзүн хундардын шанүйү деп жарыялаган.

«Жер — мамлекеттин негизи..!» Хундардын ордосундагы козголоң тууралу айың кептер алардын чыгыштагы жоосу дунхуларга чейин жеткен. Козголоң жүүнүн бошоткон хундар ар кандай талапты илгиртпей аткарат деп ойлошкон дунху төбөлдөрү ушундай оңтойлуу учурдан пайдаланып, жаш Модэ-шанүйдөн хундардын чыгыш жагындагы чектеш аймакты өздөрүнө берүүнү талап кылышкан. Ошол доордун жол-жобосуна ылайык Модэ-шанүй Аксакалдардын кеңешин чакырып, алады дунху бийлик эгесинин талабы менен тааныштырат. Илгерки заманда аксакалдардын көпчүлүгүнүн пикири согуш жана тынчтык маселелесин чечүүдө хун шанүйү үчүн милдеттүү болоор эле. Аксакалдардын көбү дунхулардын баскынчылыгынан чочулашып, алар менен араздашпай, сураган жерин берүүгө кеңеш беришет. Бирок бул такилип Модэ-шанүйдүн ачуусун гана келтирген. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь жазып калтыргандай, Модэ-шанүй каардана: «Жер — мамлекеттин негизи да, аны кантип бөлүүгө болот!» — деп жооп кайырган. Андан соң ал дароо тескери кеңеш берген аксакалдардын башын алууну буюрган. Бул, иш жүзүндө, хундардын аксакалдар кеңешинин өз алдынчалык маанисин жокко чыгаруу дегенди туюнтат. Ушул окуядан кийин шанүйгө кыңк этпей, анын оюндагыдай кеңеш берип, көңүлүн улоого тырышкан, айтканын эки кылбай аткарган адамдар гана кеңешке мүчө боло алган. Ошентип, шанүй жеке бийлик жүргүзүүчү бийлик эгесине — монархка жакындап калды.


Модэ-шанүйдүн жортуулдары. Ички саясий бийликтин эки тизгин бир чылбырын толугу менен өз колуна алган Модэ-шанүй эч токтолбой кол топтоого киришет. Чакырыгына кечигип келе тургандардын башын алууну буюрат. Анын катаалдыгын билишкен хун төбөлдөрү өз кошуундары менен тезирээк жетүүгө ашыгышат. Модэ-шанүйдүн колу дунхулар жайгашкан аймакка капысынан кол салат. Дунхулар Түштүк Маньчжурия жана Чоң Хинган кырка тоолорунда көчүп-конуп жашаар эле. Модэ-шанүйдүн бул жортуулу ийгиликтүү аяктап, дунху аскерлери ойрон болгон. Алардын бийлик эгеси да колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн. Хундар бир далай туткундарды жана сандаган малды олжолоп кайтышат. Бул жүрүшкө шерденген Модэ-шанүй өзүнүн колун түндүк-батышты карай баштап, жаңы баскынчылык согушка кирди. Улам күчтөнүп жаткан түндүктөгү коңшу өлкөнүн бул жоокерлик аракеттери кытайлык ордо тарыхчылары тарабынан иреттелип жазылып калган. Модэ-шанүй чыгыштагы душманынын эсебин тапкан соң, ат тизгинин оболу батышка бурган. Ордостун батышындагы Хэси аттуу тарыхый аймактан чыгышка жылып, Түндүк Кытайдагы Алашань чөлүнө чейин жеткен йүечжилер кайрадан батышка сүрүлгөн. Б. з. ч. 205—204-жж. Модэ-шанүй тангуттардын ата-теги болгон лэуфань жана баянь урууларын Ордос жергесинде өзүнө караткан да, Кытайды көздөй алгачкы жортуулун жасаган. Б. з. ч. 203—201-жж. хундар түндүк жана түндүк-батыш аймакка жортуулдарын уланткан. Түрк урууларынын байыркы ата-тегинен болгон бир катар башка уруулар дал ушул жортуулдар тууралу баяндаган кытай булактарында кеп кылынган. Ошентип, Түндүк-батыш Монголия жана Саян-Алтай аймагында жашаган хуньюй, күйеше, динлиндер, Чыгыш Теңир-Тоонун түндүгүндө жана Жуңгария аймагында жашаган кыргыздарItalic text Модэ-шанүйдүн ири империясынын курамына каратылган.

Түмөн-шанүйдүн тушунда ( б. з. ч. III к. акыркы чейрегинен — б. з. ч. 209-ж. чейин) хундар көчмөн коомго таандык эрте феодалдык мамлекетке ээ болгон. Хун коому бир эле учурда уруулук түзүлүштүн көптөгөн белгилерин сырткы көрүнүш, же трансформацияланган, жаңы коомдук деңгээлге ылайыкташкан ички мазмун катары мурастап калган. Ошол эле учурда бул саркындылар алгачкы жамааттык түзүлүштүн өзгөрүлбөгөн көчүрмөсү катары каралууга тийиш эмес. Маселен, хундар ар кандай уруулардан турган. Алардын ичинде үч уруу саясий таасирдүүлүгү боюнча өзгөчө бөлүнүп турган төбөлдөр уруусу эле. Модэ-шанүйдүн тушундагы бул урууларды кытай булактары хойань, лань, сүйбу (сюйбу) деген аталыштар менен белгилейт. Ал эми шанүйдүн өзүн болсо кытай тарыхчылары Сыма Цянь менен Бань Гу лүаньди (люаньди) уруусунан чыккан деп жазышкан.

Хундардын саясий структурасы. Кытай булактары хундардын оң канат жана сол канат болуп жасалма саясий курамдарда ажырымдалаарын чагылдырышкан. Бардык оң канат бектер жана колбашчылар батыш тарапта — Шанцзюнь чөлкөмүнө (азыркы Ички Монголиянын аймагын жана Шаньси вилайетинин түндүгүн камтыйт) бет маңдай жана андан батышка жайгашып, йүэчжи, ди жана цянь элдери менен чектешип турган. Ал эми сол канаттагы бектер жана колбашчылар алардын чыгыш тарабында, Шангу чөлкөмүнө (Хэбэй вилайети, Ючжоу аймагында) бет маңдай жана андан чыгышыраакта жайгашап, Хуэйхэ жана Хаосянь менен чектеш эле. Мындай дуалдык (кош) башкаруу системасы кийинчерээк орто кылымдардагы түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да мурасталган. Хундардан калган жана дагы бир жөрөлгө — өлкөнүн 24 уруу башчылары жана аймак төбөлдөрү) тарабынан башкарылышы эле. Аткаруу бийлигинин бул 24 өкүлү оң жана сол канаттардын акылман ван, лули-ван, улуу колбашчы, улуу дувэй, улуу данху сыяктуу иерархиялык бийлик тепкичине ажырымдалган акимдеринен турган. Бул 24 акимдин түмөн башы деген мартабалары болгон жана алар өз кызматын мурастаганга акылуу болушкан (б. а. кезектеги шанүй аларды өз уруусунан дайындаган). Арийне, түмөн башы делген менен айрымдарынын кошууну бир нече миң гана аскерден турган, күчтүүлөрү он миң атчан аскерге ээ болгон. Түмөн башынын өз бийлигин мурастаганы анын башкаруучу уруунун өкүлү болгондугун дагы бир ирет ырастайт. 24 аким өздөрү ээлеген жеринин аймагы боюнча да айырмаланышкан. Кытай тарыхчысы Фань Е. жазып калтыргандай, өтө жогорку мартабалуу эсептелген 4 аким «төрт мүйүз» деп аталган. Алардын кадыр-барктуулугу төмөнкүдөй тепкичте болгон: эң мартабалуусу оң канат сянь-ван, андан соң — оң канат лули-ван андан кийин — сол канат сянь ван, анан — сол канат лули ван (мындагы кытайлык «ван» сөзү кыргызча «бек маанисин берет). Мындан чыгыш аймактарын (сол канат) ээлегендердин саясий таасири жогорураак эсептелгенин байкоого болот. Ал эми оң канат менен сол канаттын багытын аныктоодо хундар жүзү менен түндүктү эмес, түштүктү карап турганын билебиз. Жогорку акимдер шанүйдүн кичүү туугандарынан жана уулдарынан дайындалып турган. Түмөн башылар өз кезегинде өзү бийлеген аймактарда миң башы, жүз башы, он башы сыяктуу башкаруучуларды өз алдынча дайындай алышкан. Ар бир эркек киши аскер катары саналган.

Хундар түзгөн аскердик-феодалдык башкаруу системасы Борбордук Азиядагы кийинки көчмөн мамлекеттер тарабынан да өздөштүрүлгөн. Ал эми өлкөнү 24 акимдин башкаруусу орто кылымдардагы огуздар тарабынан да мурасталган. Шанүй — көчмөндөр монархы. Модэ-шанүйдүн дооруна чейин хундардын уруу бирикмесинин башчысы шанүй титулун алган. Бул титул тек гана эң жогорку уруу башчысы дегенди туюнткан. Сыма Цяндын жазганына караганда, «шанүй» сөзү «кеңирсиген», т.а. көк сыяктуу кеңирсиген деген манини берген. Модэ-шанүйдүн учурунда бул титул тек гана уруу бирикмесинин өмүрү өткүчө бийлөөчү жолбашчысын туюнтпастан, ири мамлекеттин мурастан мураска өтүүчү жеке бийлөөчүсүн — монархты түшүндүрүп калган. Албетте, хундардын эрте феодалдык мамлекетинин башчысы өзүнүн падышалык бийлигин баса көрсөтүү үчүн «шанүй» титулуна кошумча эпитетти да колдонууга умтулган. «Теңир куту» — «Теңир», т. а. «Көк ыроологон кут» деген кошумча титул дайыма шанүй титулунун алдында айтыла баштаган. Ал эми Модэ-шанүйдүн б. з. ч. 176-ж., анын уулу жана мураскери Лаошань-шанүйдүн б. з. ч. 166-ж. кытай императоруна жиберген каттарында ушул титулдун мааниси кытайча которулуп берилген: «Көк дайындаган улуу хун шанүйү...» (Модэ), «Көк менен Жерден туулган, Күн менен Айдан дайындалган улуу хун шанүйү...» (Лаошань). Мындан «Көк дайындаган» деген катайча сөз айкашы «теңир куту» деген терминдин сөзмө-сөз котормосу болуп эсептелет. Анткени түрктөрдө, алардын ичинде кыргыздарда, асманды «Көк» дешкен, анын ээсин «Теңир», «Теңри» деп аташкан. «Көк» менен «Теңир» синоним катары да пайдаланылган. Хундардын «Теңир куту шанүй» деген падышалык титулу орто кылымдарда да орхон түрктөрү (монголиялык) тарабынан мурасталып, алар өз ханын «теңирде болмыш каган» деп аташкан. Модэ-шанүйдүн доорунан тартып күч-кубаттуу кезеңинде шанүй абсолюттук деңгээлге жакындаган жеке бийлик эгедери боло алган. Мындай учурда шанүй аксакалдар кеңешинин пикири менен эсептешпей коё алгандыгы Модэ-шанүйдүн дунхулардын ультиматумун талкууга алгандагы жоругу менен дурус айгинелейт. Ал эми шанүйдүн күчү алсыраган маалда жыйырма төрт түмөн башы ж. б. төбөлдөр курултайынын чечиминин бедели өскөн. Шанүйлөр калыптандырган чектелген монархиялык мамлекет байыркы кыргыздар үчүн да саясий тажрыйба жана өрнөк болуп калган.

Жамаат. Хундардын коомунун негизги бөлүмү уруулардан жана аларды бириктирген уруктардан турган. Ал эми уруктар болсо өз кезегинде жайыттын ыңгайына жараша журттарга (чакан айылдарга) жиктелген. Хун журттары кытай булактарынын маалыматына караганда, було термини менен белгиленген (кыргызча бүлө, үй-бүлө жана монголчо ага маанилеш гер бүл сөзү менен салыштырууга болот). Урук-уруусу боюнча тектеш хундар бири-бирине жакын журттарды ээлеп, жамаатташ жашашкан. Алардын насили (теги) гана эмес, салты, диний түшүнүктөрү, ырым-жырымдары, диалектикалык өзгөчөлүктөрү бирдей болгон. Хун мамлекетинин кеңири мейкиндикти ээлеп, улам жаңы элдерди баш ийдирип алып турган шартта жана саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу хун уруулары Түндүк Кытайдан тартып Теңир-Тоонун чордонуна чейин жайылган. Ушул заманда хун жамааты кандаш бир туугандардын жалпылыгы болгон уруулардан эмес, аймактык маанидеги жалпылыкты түзгөн уруулардан турган. Түмөн башылар төбөлдөрдүн уругунан чыккан. Бара-бара аларга баш ийген журттардын аймагы кеңейе берип, ар кыл уруу-уруктарды жана хундарга жуурулган башка элдерди да камтып калган. Жүз башы, түмөн башылар акырындык менен уруктун же уруунун жолбашчысы эмес, аймактык, акимдик жана аскердик башкаруучу болуп өзгөргөн. Арийне, уруу-уруктук биримдиктин сырткы көрүнүшүн сактоого бийлөөчү төбөлдөр да, эски адатты сыйлоочу жөнөкөй көчмөндөр да умтулган.

Жерге (жайытка) болгон менчик. Хундардын ар бири «өзүнчө жер тилкесине ээ болуп, оттун жана суунун молдугуна ылайыктап бир орундан экинчисине журт которгон» делет тарыхый булакта. Арийне, жерге карата жеке менчик хун империясында жана кийинки түрк-монгол көчмөн мамлекеттеринде болгон эмес. Жерге карата жамааттык (уруктук же уруулук) менчик Модэ-шанүйдүн тушунан тартып өзгөрүүгө учураган. Жер эми жалпы мамлекеттик менчикке айланган. Модэ-шанүйдүн «жер — мамлекеттин негизи» деген сөзү хундардын да, алардын тарыхый мураскери болгон борборазиялык көчмөн түрк элдеринин да жерге карата саясатынын символу болуп калган. Мамлекет башчысы катары шанүй өз өлкөсүнүн ар кыл аймактарын уулдарына, бир туугандарына ж. б. ишенимдүү жакындарына, таасирдүү уруулардын төбөлдөрүнө ыйгарган. Алар өз кезегинде жердин чакан аймактарын кол астындагы төбөлдөргө бөлүп берген. Кийинкилери болсо өзүлөрүнөн төмөнкү тепкичтегилерге берген. Акыры карапайым көчмөндүн бүлөсүнө өзүнчө конуштар журт катары жайытты алмаштырып пайдалануу үчүн энчиленген. Экстенсивдүү мал чарбасынын бул жайыт пайдалануу системасы кылымдарды карытып сакталып келди.

Хундар жана мыйзам. Байыркы хундардын коомдук жашоо эрежелери укум-тукумга өтүп эзелтен бери келаткан адатка негизделген. Кытайлыктар үчүн «алардын мыйзамдары жеңилдей көрүнүп, оңой эле аткарылчудай» сезилген. Чоң кылмыштарды жасагандар өлүм жазасына тартылган. Уурулугу ашкереленген адамдын үй-бүлөсү кошо жазаланып, мүлкү тартылып алынган. Сот жообуна тартылгандардын тагдыры он күндүн ичинде чечилген. Шанүйдүн бийлиги күч алган доордо жалпы мамлекеттик кызыкчылык үчүн да жазалоо эрежелери пайда болгон. Маселен, аскердик тартипти бузгандар, аскердик милдетин өтөөдөн кечиккендер, хун мамлекетинин таламына каршы иш жасагандар өлүм жазасына тартылган.

Диний ишенимдери. Хундар башка байыркы түрк уруулары сыяктуу эле көк асманга сыйынышкан. Көктү туюнткан «теңир» сөзү хундар доорунан мурасталган (Эки Дарыя аралыгында байыркы шумерлер да б. з. ч. IV—III миң жылдыктарда көктү «диңгир» деп атаганы маалым). Теңир — бир эле учурда көктү да, анын рухун — ээсин да туюнткан. Теңир адамдын тагдырына гана эмес, жалпы эле мамлекеттин тагдырына кийлигише алат, кут да берет, жазалай да алат деп түшүнүшкөн. Кыргыз элиндеги «Теңир жалгасын» деген сөз ошол доордон келип жеткен. Жалпысынан, хундар Теңирден кийинки орунда турган башка кудайларга — аалам чырагы болгон Күнгө, Айга, жылдыздарга, ошондой эле жашоо очогу болгон Жерге, молчулук булагы болгон Сууга, тоо-ташка, ата-бабаларынын арбактарына сыйынышкан. Хун төбөлдөрүнүн жалпы курултайы учурунда кудайларга курмандыктар чалынган. Шанүй да ар күн сайын Күнгө жана Айга табынып турган. Хундар тиги дүйнөнүн бар экендигине да ишенишкен.


Үй-бүлө мамилелери. Хундарда үй-бүлөнүн кожоюну — эркек болуп, үй-бүлө патриархалдык мүнөздө эле. Аялы үчүн күйөөнүн, балдары үчүн атанын сөзү милдет болгон. Түмөн-шанүйдүн мисалында бардар адамдар жана төбөлдөр эки (же андан көп) аял алганга акылуу болгондугун, Шанүйдүн мурасчысы катары адатта анын уулдарынын улуусу дайындалгандыгын тарыхый булактардан билебиз. Агасы өлсө, жесир калган жеңесин кайнисине никелөө салт болгон. Хун жигити өз уруусунан башка уруудагы кызга үйлөнгөн (экзогамия). Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кылмыш кылганы аныкталса, башка бир туугандары да чогуу жазаланышкан. Хун доорунун үй-бүлө мамилелери, коомдук турмуштун башка бир катар көрүнүштөрүндөй эле, кийинки түрк элдеринин коомдук тарыхына из калтырган.

(Маалыматтар Т.Чоротегин менен Т.Өмүрбековдун окуу китебинен кыскартылып алынды).