Мазмунга өтүү

Википедия:Тандалма макала деген эмне

Википедия — ачык энциклопедия

Тандалма макалалар деп, долбоордун катышуучулары тарабынан колдоого алынган, Википедиянын шартарына төп келген жана Кыргыз Википедиясындагы эң мыкты бөлүгү болуп эсептелинген Википедиядагы макалалар аталат.

Тандалма макалалар белгилери

[булагын түзөтүү]
  • Башкы шарт: макала толук түрдө жазылган макаланын предметин, түзүлүшүн жана анын эң негизги мүнөздөрүн ачып бериши керек. Анда сөзсүз түрдө бардык предметке тиешелүү, керектүү фактылары жана бөлүктөрү болушу керек.
  • Бардык чогултулган маалыматтар ишенимдүү жана конкреттүү болушу керек(тагыраак айтканда эч кандай - «бир заманда», «бир жерде», дебей «Бугу айынын 15инде», XVI кылымда ж.б.у.с болушу керек) Макалада эч кандай түшүнүксүз,сөзмө-сөз корутунду жана «жарым чындык» болбошу керек.
  • Макаланын алгачкы баш сүйлөмү(же алгачкы бир нече сүйлөмдөр) сөзсүз түрдө ачык жана кыска түрдө каралып жаткан түшүнүктү камтуусу зарыл.
  • Макаланын мазмуну туруктуу болушу керек, андагы түшүндүрүү көз карашы жалпы кабыл алма болушу керек(адистер гана эмес жөнөкөй адамдар да түшүнүүгө мүмкүн болуусу зарыл). Макала бир тараптуу болбошу керек, калыстуу жана нейтралдык көз караштын саясатына төп келгендей болуш керек.
  • Мүмкүн болсо макаладагы суроо заманбап беделдүү адабияттка шилтеме болушу керек. Караңыздар. Википедия:Булактарга шилтемелер, Википедия:Маалымат булактары.
  • Макала илимий стилде, кыргыз адабияттык тилинде жазылышы керек.
  • Анда грамматикалык жана маанилик каталар болбошу керек.
  • Макала терминологиялык жактан корректүү болушу керек, адис эмес инсандар да түшүнө тургандай болуусу шарт(Википедиядагы жыйындысында кошо жүрүүчү макаларга гипперссылка туруш керек).
  • Макаланын көлөмдүгү(узундугу) каралып аткан предметтин көлөмүнө төп келүү керек. Жекече суроолорду, эгер керек болсо өзүнчө макала кылып жазган оң.
  • Макала Викимедия долбоорунун макала формасынын стандартына төп келиши керек. Ал туура кыргыз типографикасын, толук түрдө викификацияланышы керек, Википедиядагы башка макалаларга шилтеме жана интервики берилиш керек.
  • Макала так жана логикалык түзүлүштү камтышы керек.
  • Эгер макаланын тематикасы мүмкүндүк берсе, макалада ойлонулган жана сапаттуу сүрөт материалы болушу керек. Караңыз:Википедия:Иллюстраштыруу
  • Макала так форматташтырылышы керек. Бирок ошол эле учурда ашыкча форматтап да кереги жок. Ашыкча формат окуганга тоскоолдук кылат.
  • Макала жетим барак же башка изоляцияланган барактарга таандык болбошу керек.

Оригиналдуулук жана юридикалык кемчиликсиз

[булагын түзөтүү]
  • Мыкты макала оригиналдуу текст болушу керек, башка бир жактан көчүрүлгөн эмес, жада калса автордук укук корголбогон булактан болсо да. Бирок бул макала эч кандай оригиналдуулук изилдөө болушу керек дегенди түшүндүрбөйт.

Макалада колдонулган сүрөттөр мыйзам тараптан кемчиликсиз болушу керек, ошондо Википедияда колдонгонго мүмкүнчүлүк бербөөчү лицензия менен корголболушу керек. Ар бир макалада колдонулган сүрөттө лицензиясы, ачык, чын маалыматы болушу керек, жана дагы сүрөттүн автору жөнүндө. Караңыз:Википедия:Сүрөттөрдү лицензиялоо

Дагы караңыздар

[булагын түзөтүү]

Википедия:Тандалма макалалар Википедия:Макалалар сапаты шкаласы Википедия:Макалаларды кантип оңдосо болот Википедия:Мыкты макалага талапкерлер Википедия:Жакшы макалалар Википедия:Макалалар көлөмү