Виктимология

Википедия дан

Виктимология - криминологиянын өзгөчө бөлүмү, кылмыштын курмандыгы жабырлануучу жөнүндөгү окуу. Жабырлануучу кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарткан жеке же юридикалык жак, криминалдык кылмыштан жабырлануучулар, ошондой эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнгөн адаттары боюнча кылмыштан жабыр тартышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). Кылмыш аракети багытталган объектинин криминалдык күчүн көбөйткөн кудурет антивиктимдүүлүк катары каралат. Кылмыштан жабыр тартуучу жактар реалдуу же калетсиз (курмандык мүмкүндүгү), аныкталган же аныкталбай калган (катталбаган, эсепте жок), түз же болбосо кыйыр болушу ыктымал. Учурда виктимдүүлүк катары субъектинин моралдык-психикалык гана эмес, анын социалдык мүнөздөмөсү да (социалдык абалы, эсалуу учурундагы, үй-бүлөдөгү, жекече жашоо турмушундагы, өндүрүштүк жумуштагы орду, кызмат абалы ж. б.) каралат. Виктимдүү социалдык статустарга мисал катары: кароолчу, кассир, инкассаторлорду киргизүүгө болот. Эл аралык келишимдерде, нормативдик актыларда, макулдашууларда аялдар, балдар, карылар жана майыптар социалдык статусу жогорку мүнөздөгү виктимдүүлүккө ээ субъектилер катары өзгөчө белгиленип, коргоого алынышы каралган. Криминологияда мындан тышкары жашоо-тиричилик чөйрөсүнө, иштеген жумушуна ылайык башка социалдык статуска ээ адамдардын виктимдүүлүгү (жалданып иштөө, жыныстык, кумар чөйрөсүндө ж. б.) белгиленет. Юридикалык жактардын виктимдүүлүгү да алардын жүргүзгөн иш-аракетине жараша болот. Мис., компьютердик кылмыштар көбүнчө банктарга жана анын кардарларына багытталат. Өзүн-өзү коргоо кудуретин төмөндөтүүчү кырдаалдар да болушу мүмкүн, ал виктимдүү кырдаалдар деп аталат. Мисалы, караңгы аймак, түнкү мезгил, ээн калтырылган үй, ээн талаа, ээн жол. Мындан тышкары виктимдүү кырдаалга үйбүлөдөгү көптөн бери созулуп келе жаткан жаңжал, аскер кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокерлердин ортосундагы чыр-чатактар да кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]