Виктор Васнецов

Википедия дан

Васнецов Виктор Михайлович [3(15).5.1848, Вятск губерниясы Лопьял кыш. 23.7.1926, Москва] орус живописчиси. И. Н. Ерамскойдон (1867-68), Петербург көркөм сүрөт академиясынан (1868-75) таалим алган. 1893-жылы академиянын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1878-жылдан Москвада жашаган. Русь көркөм өнөрүн кайра жаратуу коомун уюшгуруучулардын (1915) бири. Алгачкы чыгармаларында («Тилемчилик», 1876; «Согуштук телеграмма», 1878, Третьяков гал.) өз доорунун типтүү көрүнүштөрүн чагылдырган. 1880-жылдары орус тарыхына, элдик былиналар менен жомокторго арналган чыгармалар жараткан. «Алёнушка» (1881), «Карышкыр минген ханзаада Иван» (1889), «Баатырлар» (1881-98), «Падыша Иван Васильевич Грозный» (1897) жана башка эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында эл эңсеген идеалдар менен ыйык патриоттук сезимдерди поэтикалык формада берген. Васнецов Москвада тарых музейи үчүн «Таш доору» (1883-85) аттуу монументтүү панно жасаган. Элдик жомок темасында иштөөнү улантып, «Добрыня Никитичтин жети баштуу Ажыдаар Горыныч менен кармашы» (1918), «Өлбөс Кащей» (1917-26) деген чыгармаларды жараткан. Васнецов портретчи катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]