Виктор Федорчук

Википедия дан

Федорчук, Виктор Порфентьевич (1921-ж.т., Троицкий кыштагы, Одесса облусу) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1968), Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1972). Орто Азия индустриялык ин-тунун геол. факультетин бүтүргөн (1944), «Средазцветметразведка» трестинин Бириксуу партиясында инженер-геолог (1944–46), ошол эле тресттин Айдаркен партиясынын башкы геологу (1946–48), тресттин геол. өндүрүш начальниги (1948–57). Орто Азия геология ж-а минерал сырьёсу ин-тунда директордун орун басары (1959 –68); Минералогия, геохимия ж-а сейрек элементтер ин-тунун директорунун орун басары (1968–77), Бүткүл союздук минерал сырьесунун экономикасы ин-тунун директору (1977). Кыргызстандагы сымап рудаларын изилдөөго олуттуу эмгек сиңирген. Ленин ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]