Вилаят-и факих
Вилаят-и факих - (персче: мыйзамды билген уламанын башкаруусу, бийлиги) мусулман жамаатында бийликтин имамдан имамга мурасталып өтүп турушун туура деп эсептеген шийит жол-жобосу. Анда имам-вали өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан, Кудай аны бийлик жүргүзүү үчүн койгон делет. Ал үчүн он экинчи имамдык «кайып болгонуна» байланыштуу, ал жокто жамаатты жетектеп, Кудайдын эркин жана имамдын көрсөтмөлөрүн калайыкка жеткирип турган анын өкүлү бүтүндөй жамаатка таанылган, эң абройлуу, бардыгын билген, кынтыксыз, мужтахид (мусулман, сопулук-юридикалык илимдин жогорку даражасына эгедер адам) болушу керек. Көпчүлүк шийит уламалары менен диний жетекчилер абалкы ислам мезгилинде имам Халифатты жетектеген сымал, диний жана саясий бийликтин башында жогорку мужтахид туруп, ислам мамлекетинин тагдырын чечүүнү өз колуна алуусу абзел деп эсептешкен. Вилаят-и факихтин жол-жобосу тууралуу алда канча жалпыланган түрдө аятолла Хомейнинин «Ислам бийлиги» аттуу китебинде баяндалган. Бул жол-жобонун идеялары азыркы Ирандын конституциясын иштеп чыгууда теориялык негиз болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4