Вилла

Википедия дан

Вилла - (лат. villa короо-жай, кыштак) шаар сыртына курулган бак-дарактуу үйдүн бир түрү. Виллалар б. з. ч. 3-кылымда Италияда пайда болуп, 21-кылымда бүткүл Жер ортолук деңиздин боюна тараган. Бул учурдагы виллалар турак жай ж. б. курулуштардан турган архитектуралык комплекстен түзүлгөн. Кийинчерээк (империя доорунда) террасалуу, парк-павильондору бар виллалар салынган. 15-17-кылымда вилла салуу Италияда өнүккөн. Кайра жаралуу доорунун орто ченинде башкы имараты казиносу бар вилла куруу салтка айланган. 19-кылымдан шаар сыртына же дем алуучу жайларга салынган бак-паркы бар комфорттуу үйлөр вилла деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]