Вильгельм ІІІ Оранский

Википедия дан

Вильгельм ІІІ Оранский - (14.11.1650, Гаага 19.3.1702, Лондон) 1674-жылдан Нидерланддын штатгальтери (башкаруучусу), 1689жылдан Англия королу. 1688-89-ж. Англиядагы кан төгүүсүз ишке ашкан мамлекеттик төңкөрүштүн («Даңктуу революциянын» ) жүрүшүндө англиялык такка чакырылган. 1694-ж. чейин аялы Мария II Стюарт (король Яков Пнин кызы) менен чогуу башкарган. Анын тушунда кабыл алынган «Укуктар жөнүндөгү билль» боюнча Англияда конституциялык монархия орной баштаган. Король мамлекетти парламент менен чогуу башкарууга милдеттүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]