Вильгельм I

Википедия дан

Вильгельм I Гогенцоллерн - (22. 3. 1797, Берлин 9. 3. 1888, ошол эле жер) Пруссия королу (1861-88), 1871-жылдан Германия императору. Кемакыл король Фридрих Вильгельм ІVнүн тушунда (1858-61) регент болгон. Алгач либералдык реформаларды жактагандыгы тууралуу билдирип, кийин андан баш тарткан. 1862-ж. Отто фон Бисмаркты министр-президент кызматына чакырып, ошондон тарта анын Пруссияны күчтөндүрүү саясатын колдогон. Франция-Пруссия согушунун учурунда пруссиялык аскерлердин башкы командачысы катары Седандын алдында Наполеон ІІІнүн капитуляциясын кабыл алган. 1871-ж. Бисмарктын таасириндеги германиялык монархтардын император болуу сунушун кабыл алып, Германия империясынын түзүлүшүнө негиз салынган. Иш жүзүндө анын тушунда Пруссияны, кийин Германия империясын Бисмарк башкарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]