Винил хлорид

Википедия дан

Винил хлорид, хлордуу винил, хлорэтен, монохлорэтилен, СН2= СНС1, мол. масс. 62,50, түссүз, эфир жыттуу газ: эрүү t -158,4°С; кайноо t-13,8°С; мол-сында кош байланыш болгондуктан, олефиндерге мүнөздүү реакцияларга кирет. В. НСl Марковников эрежеси

б-ча этиленге караганда оңо кошулат. Реакция суюк фазада А1С13 - же FеС13 катышуусунда жүрөт. В. полимерлешүү реакциясы өтө маанилүү. Бул реакциянын ингибитору фе-нол же гидрохинон. В. окистенип, хлорацетальдегид же формальдегидди пайда кылат. В. ацетилен буу фазасында 150-200°С гидрохлорилдөө менен алынат. Өнөр жайларда ацетилен, этилен, аларды дихлорэтанга чейин хлорлоп, андан НС1 бөлүү менен алынат. В-ден поливинилхлорид, жана этиленхлорид алынат. Дүйнөдө жылына 15 млн т В. өндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]