Винни-Пух

Википедия дан
Винни-Пух - White River, Ontario

Винни-Пух (англ. Winnie-the-Pooh) (1926) Алан Александр Милндин Винни-Пух тууралуу аңгемелеринин биринчи тому. Андан кийин "Пух бурчундагы үй" жазылган. Китеп Винни-Пух аттуу мамалактын жана анын достору торопой Пиглеттин, такай Эйоренин, үкү Оулдун, коён Рэббиттин окуяларын баяндайт. Кенгуру Канга менен анын уулу Ру китептин кийинки "Канга менен кичинекей Ру токойго барганда Пиглет жуунуп аткан болот" бөлүмүндө кошулат. Жолборс Тиггер чыгарманын уландысы болгон "Пух бурчундагы үй" китебинде кошулат.

Китептин бөлүктөрү мурда жарык көргөн жомоктордон ылайыкташтырылган. Мисалы, биринчи бөлүмү 1925-жылы London Evening News гезитинин жаңы жылдык санына чыккан "Жаман аарылар" аттуу аңгемеден ылайыкташтырылып алынган. Китептин бөлүмдөрүн бири-биринен көз карандысыз түрдө өз алдынча окуганга болот. Алар табиятынан өз алдынча эпизоддук түрдө жазылып, мазмуну бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө уланбайт. 2003-жылы "Винни-Пух" Би-Би-Синин "Эң мыкты 200 китеп" сурамжылоосунда 7-саптан орун алган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]