Виноградов Александр Павлович

Википедия дан

Виноградов Александр Павлович [9 (21). 8. 1895, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары – 16. 11. 1975, Москва шаары] – белгилүү орус геохимиги, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1953) жана вице-президенти (1967), эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949, 1975). Аскер-медицина академиясын (1924) жана Ленинград университетинин химия факультетин бүткөн (1925). СССР Илимдер Академиясынын В. И. Вернадский атындагы геохимия жана анализдик химия институтунун директору (1947), Москва университетинин кафедра башчысы (1953), профессор (1954), В. И. Вернадскийдин шакирти. Илимий эмгектери геохимиянын, биогеохимиянын жана космохимиянын ар кандай проблемаларын изилдөөгө арналган. Кенбайлыкты издөөнүн биогеохимиялык ыкмасын өнүктүргөн. Илимге изотоптордун геохимиясы аттуу жаңы багытты киргизген. В. И. Ленин атындагы сыйлыктын (1934), эки жолу СССР мамлекеттик (1949, 1951) жана Лениндик сыйлыгынын (1961) лауреаты, М. В. Ломоносов атындагы алтын медалдын ээси (1973). 6 Ленин ордени менен сыйланган. А. П. Виноградовдун ысымынан Россия Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Геохимия институтту (Иркутск шаары) жана Хибинден табылган минерал (виноградовит) аталган. Эмгектери:Геохимия редких и рассеянных химических элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; О происхождении вещества земной коры//Геохимия. 1961. №1; Введение в геохимию океана. М., 1967; Химия планет // Наука и человечество. М., 1968.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]