Винодол кодекси

Википедия дан

Винодол кодекси ― укук ченемдеринин жыйнагы.

1288-жылы Винодол шаарында түзүлгөн. Түштүк славяндардын феодалдык, укугунун эң эзелки эстеликтеринин бири, Хорватиянын социалдык-экономикалык тарыхы боюнча баалуу булак. Хорват тилинде жазылган. Винодол кодекси 77 беренеден турган жана жеке менчик мамилелерин, келишим түзүү, мурастоо шарттары жана башкаларды жөнгө салган. Сот түзүлүшүнө, соттоо процессине көңүл бурган. Мыйзам 18-кылымдын аягына чейин колдонулган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.