Вин Дизель

Википедия дан

Марк Синклер (англ. Vin Diesel,;1967-жылы 18-июлда туулган) - чыгармачылыкта Вин Дизель аты менен белгилүү болгон, америкалык актер, продюсер, режиссер жана сценарий жазуучусу. Ал "Форсаж" (англ. The Fast and the Furious) тасмасындагы Доминик Тореттонун, "Риддик хроникасы" (англ. The Chronicles of Riddick) жана "Үч икс" (англ. xXx ) тасмасында Ксандер Кейждин ролдору менен таанылган. Актер бул тасмалардын уландыларында продюсердик кызматты аткарган.

Дизель ошондой эле "Сооротуучу" (англ. Pacifier, 2005) жана "Meни күнөөлүү деп тапкыла" (англ. Find Me Guilty, 2006) сыяктуу тасмаларда дагы ойногон. Анын үн коштогон тасмаларына "Гигант" (англ. The Iron Giant, 1999), "Риддик хроникасы" (англ. The Chronicles of Riddick) жана "Галактиканын сакчылары" ( англ.Guardians of the Galaxy, 2014) жана анын уландысы кирет. В. Дизель "Көп жүздүү" (англ. Multi-Facial) деген кыска метраждуу тасманын жана "Селсаяктар" (англ. Strays) тасмасынын сценарийин жазып, режиссер ошондой эле продюсер дагы болгон. "One Race Films", "Racetrack Records" жана "Tigon Studios" кинокомпанияларын түптөгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]