Виртуалдуу аныктык

Википедия дан

Виртуалдуу аныктык (virtual reality (VR)-виртуальная реальность). Мультимедианын башка колдонмолоруна виртуалдуу аныктык кошулат, анда компьютер жасалма чөйрө түзөт жана интерактивдүү режимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөр¬тө алат. VR програмдык жабдыгынын эң жөнөкөй түрү жердин, ландшафт же имарат сыяктуулардын көлөмдүк көрүнүштөрүн чыгарып берет. Бул програмдык жабдыкты архитекторлор сунуш кылган конструкциясын көрсө¬түүдө колдонушат. VR програмдык жабдыктарынын кийинки түрлөрү жасалма чөйрөдө тажрыйба аткаруу үчүн атайын баш кийим, костюм жана колкап кийип алат. Баш кийим жасалма чөйрөнү көздүн алдына алып келип көрсөтөт. Костюм жана колкап виртуалдуу айлана-чөйрөдө буюмдарды кармоого жана тандоого мүмкүндүк берет. Эксперттердин айтуусуна караганда, келечекте костюм жытты да сездирүү менен контакты туюндуртат жана виртуалдуу дүйнөнү сездиртет. VR көлөмдүү электрондук оюндарды сунуш кылат. Мындай оюндарда атайын видео издегичтер машинеде генерацияланган айлана-чөйрөнү көрүүнү уюштурат. Электрондук оюн ландшафтын ичинде аткарылат, машине оюнунда датчиктер кыймылды жазып турат жана тиешелүү түрдө алдыга жүргөндө ландшафты өзгөртөт. Компаниялар VR ди коммерциялуу колдонуштар үчүн колдоно башташты. Мисалы, офистик эмеректер менен соода кылган компанияларда виртуалдык көргөзмө залдары болот. Анда коюлган эмеректерди кардарлар карап, керек болсо аларды жылдыруу менен бөлмөдөгү жайгашуусун көрө алат. Автомобиль жана учак куруучулар жаңы моделдерин текшерүү үчүн виртуалдуу прототиптерди колдонушат жана алар долбоорлоо убактысын кыскартышат. Ошондой эле компьютердин VR колдонмолору кызматкерлерди окутууда колдонулат. Тармактык VR үч өлчөм¬дүү сүрөттөлүштөрдү көрсө¬түүдө колдонулат, аларды интерактивдүү режимде иликтөөгө жана манипуляциялоого болот. Көпчүлүк тармакка негизделген VR колдонмолору VRML ди (виртуалдуу аныктыкты моделдөөчү тил) пайдаланып иштелип чыгат. VRML эмеректүү бөлмө сыяктуу үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Чычканды кыймылдатуу менен VR бөлмөнүн ичинде басып жүрүүгө болот. Көп учурда VR оюндарда колдонулат, ошондой эле анын көп сандагы практикалык колдонмолору бар. Архитекторлор имарат жана бөлмөлөр¬дүн VR моделдерин түзүп, аларды клиенттерине курулуш аяктаганда имарат же бөлмө кандай көрүнө турганын көрсөтө алат.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]