Виртуалдуу чындык

Википедия дан

Виртуалдуу чындык (Virtual Reality), ВЧ – мультимедиа колдонмолорунун бири. Анда компьютер жасалма чөйрө түзөт, интерактивдүү режимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөртө алат. ВЧ программалык жабдыгынын эң жөнөкөй түрү жер, ландшафт же имараттардын көлөмүн чыгарууга мүмкүндүк берет жана алардын конструкциясын көрсөтүүдө колдонулат. ВЧ программалык жабдыгынын кийинки түрү жасалма чөйрөдө адам тажрыйба жүргүзүшү үчүн атайын баш кийим, костюм, кол кап, көз айнек ж. б-ды кийип алат. Баш кийим жасалма чөйрөнү көздүн алдына алып келип көрсөтөт. Костюм жана колкап виртуал айлана-чөйрөдө буюмду кармоого жана тандоого мүмкүндүк берет. Адис эксперттердин айтуусуна караганда, костюм келечекте жыт сезүүнү, мамиле түзүүяү туюндуртат жана виртуал дүйнөнү сездиртет. ВЧ көлөмдүү электрондук оюндарды сунуш кылат. Мындай оюндарда атайын видеоиздегич машинада генерацияланган айлана-чөйрөнү көрүүнү уюштурат. Электрондук оюн ландшафттын ичинде аткарылат, машина оюнунда датчик кыймылды жазат жана тиешелүү түрдө алдыга жүргөндө ландшафтты өзгөртөт. Компаниялар ВЧни коммерцияга колдонушууда. Мисалы, офис эмерегин сатуучу компаниялардын виртуал көргөзмө залында коюлган эмеректерди кардар карап, керек болсо жылдырып көрө алат. Автомобиль жана самолёт куруучулар алардын жаңы үлгүлөрүн текшерүү үчүн виртуал прототиптерди колдонушат, бул долбоорлоо убактысын кыскартат. Ошондой эле компьютердин ВЧ колдонмосу кызматкерлерди кесипке окутууда, тармактык ВЧ үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү көрсөтүүдө, аларды интерактивдүү режимде иликтөөгө жана өтө тез иштөөгө (манипуляциялоого) болот. Көпчүлүк тармакка негизделген ВЧ колдонмолору виртуал чындыкты үлгүлөөчү тилди [ВЧҮТди (VRML)] пайдаланып иштелип чыгып, эмерек коюлган бөлмө сыяктуу үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Чычканды кыймылдатып, ВЧ бөлмөнүн ичинде басып жүрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]